Даррен Аронофски (англ. Darren Aronofsky; 1969-жылы 12-февраль) – америкалык кинорежиссер жана эколог. Режиссердун сюрреалдык жана коопту тасмалары талаш-тартыштарды туудуруп аны көпчүлүккө тааныткан.

Аронофски Гарвард университетинде кинематография жана коомдук антропологияны окуган, ал эми Америка киноискусство институнда режиссердук искусство боюнча сабак алган. National Student Academy Award сыйлыгынын финалисти болгон "Супермаркетти кыдыруу" (англ. Supermarket Sweep) аталышындагы дипломдук ишинин тасмасын бүтүргөндөн кийин Аронофски бир канча сыйлыкка ээ болгон. Аронофскинин "Пи" (англ. Pi) аталышындагы алгачкы сюрреалдык жана психологиялык триллери 1997-жылдын ноябрында тартылган. Башкы ролунда Шон Гуллет тартылган 60 миң доллардык тасма Artisan Entertainment студиясына бир миллион долларга сатылып, аягында үч миллион доллардык тасмага айланган. Аронофски 1998-жылы "Сандэнс" кинофестивалында Directing Award сыйлыкка ээ болгон жана Independent Spirit Award сыйлыктын "Эң мыкты сценарий" номинациясынын жеңүүчүсү болгон.

Режиссердун "Кыял реквиеми" (англ. Requiem for a Dream) тасмасы Хүберт Селбинин бирдей аталыштагы романында негизделген. Тасма киносынчылар тарабынан жогору бааланып, Эллен Бөрстиндин оюну үчүн "Оскар" сыйлыгынын талапкери болгон. "Тереңдик" (англ. Below) аталышындагы Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндөгү коркунучтуу тасманын сценарийин жазган соң Аронофски "Булак" (англ. The Fountain) аталышындагы романтикалык илимий фантастикалык жанрындагы үчүнчү тасмасынын үстүндө иштеп баштаган. Тасма ар кандай сын-пикирлерге кабылып, кассалык чогулуштары төмөн болгон, ага карабастан тасманын күйөрмандары табылып, ал культка айланган.

Режиссердун спорттук драма жанрындагы "Чемпион" (англ. The Wrestler) аталышындагы төртүнчү тасмасы киносынчылар тарабынан жогору бааланган жана тасмада тартылган эки жылдыз – Микки Рурк жана Мариса Томей "Оскар" сыйлыктын номинацияларынын талапкерлери болгон. 2010-жылы Аронофски "Күрөшүүчү" (англ. The Fighter) тасманын аткаруучу продюсери болгон жана киносынчылар тарабынан жогору бааланган жана "Оскар" сыйлыгынын беш номинациясына талапкер болгон (анын ичинде: "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер" номинациялары жана Натали Портман тасмада аткарган ролу үчүн татыган жеңиштүү "Эң мыкты актриса" номинациясы) психологиялык коркунучтуу жанрындагы "Кара ак-куу" (англ. Black Swan) аталыштагы бешинчи тасмасын да жетектеген. Аронофски "Алтын глобус " сыйлыктын "Эң мыкты режиссеру" номинациясынын жана Америка кинорежиссерлор гильдиясы сыйлыгынын номинациясына талапкер болгон.

Режиссердун Библиянын эпикалык поэмасында негизделген "Нух" (англ. Noah) аталышындагы алтынчы тасмасы театрларда 2014-жылдын 28-мартында чыккан. "Нух" дем-алыш күндөрдүн кассалык чогултуулары боюнча 43,7 миллиондон ашык доллар жыйнап Аранофскинин эң көп кассалык чогултууларды жыйнаган тасмасы жана эң мыкты тасма болгон биринчи тасмасы болгон. Бул тасма эл аралык аренада хит болуп, натыйжада 362 миллиондон ашык доллар жыйнаган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү