Даршана
Даршана түшүнүгү (санскриптче दर्शन ”дарш” – көрүнүш, көз караш) көрүү, алгач дүйнөнү көз аркылуу (андан соң акыл, интуиция аркылуу) кабыл алуу идеясы менен байланышкан. Ошондуктан индиялык философиялык адабиятта бул термин “көрүү жөндүмдүүлүгү”, “тажрыйба”, “түшүнүү”, “доктрина”, “диний-философиялык система” деген маанилерде колдонулат.
Даршана Байыркы Индиядагы протофилософия (грек. protos алгачкы) болуп эсептелген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8