Дары оору - дарынын организмге жагымсыз таасиринен улам пайда болгон оору.

Ал дары аллергиясы (90%), уулуу жана тератогендик (тукумдун өсүшүн бузуучу) болуп бөлүнөт. Түрдүү дарыларды (антибиотик, гормон) кен өндүрүүдөн жана аллергендердин (синтет. заттар, чаң) көбөйүшүнөн дары аллергиясынын саны өсүүдө.

Дарылык касиети жок аллергендер (дан куурай, жумуртка, колбаса) организмдин дарыга сезгичтигин күчөтөт. Дары оорунун эң оор туру - анафилактикалык шок. Ал аймак сезгенүү процесси (мис., дары заттарынын териге тийгизген таасири), бөрү жатыш, бронха астмасы, геморрагиялык пурпура (териге жана ички органдарга кан куюлуу) түрүндө болушу мүмкүн.

Сактануу үчүн дарыларды этият колдонуу, организмдин сезгичтигин текшеруу жана дарыны өз өлчөмү менен кабыл алуу керек. Дарылоо анын түрүнө жараша жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.