Дары формалары — дары заттардын колдонууга ыңгайлуу формалары. Алар аптекада же химиялык— фармацевтикалык заводдордо жасалат. Дары формалары суюк, жумшак жана катуу болуп бөлүнөт. Бир эле дары заты түрдүү Д. ф-нда жасалышы мүмкүн. Суюк Д. ф-на эритме, маңыздар, тундурмалар, былжырлар, эмульсиялар, суспензиялар, микстуралар кирет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8