Дарья Маслова
Дарья Маслова (төр. 6 май 1995) — Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча спортчусу жана эл аралык класстагы спорт чебери.
Дарья Маслова
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жалпы маалымат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Туулган датасы | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Туулган жери | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жарандыгы | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Бою |
165 см | |||||||||||||||||||||||||||||||||||
Салмагы |
44 кг | |||||||||||||||||||||||||||||||||||
IAAF |
291067; 14583875 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жеке рекордтору | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1500 м |
4:24,61 (2015) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||
3000 м |
9:16,23 (2014) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||
5000 м |
15:00,42 NR (2017) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||
10 000 м |
31:36,90 NR (2016) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||
Эл аралык медалдары | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Медиафайлдар Викиказынада |
Жетишкендиктери – 5000 метр аралыкта Жайкы Универсиадада коло медаль (Кванжу-2015), жаштар арасында Азия чемпиону (Тайпей-2014), Азия чемпиондугунда коло байге (Узань-2015).
Карьерасы
түзөтүүЫсык-Көлдө туулуп-өскөн Дарья Дене тарбия жана спорт академиясында билим алат. Ал жаштайынан олуттуу көрсөткүчтөрдү багынтып, көптү үмүттөндүрүп келет. Дарья 2016 жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн Ташкент шаарында жеӊил атлетика боюнча Өзбекстандын Ачык биринчилигине катышып, 10 чакырымга чуркоо боюнча күчүн сынаган. Анда аталган аралыкты 32 мүнөт 14 секундада басып өтүп, 2-орун менен кошо Олимпиадалык ченемин толтура алган.
«Өзүм Ысык-Көлдүн Пржевальск-Пристань айылынан болом. Мектепти бүткөн соӊ Дене тарбия жана спорт академиясында чуркоо менен олуттуу машыга баштагам. Олимпиадага катышуу – менин эӊ алгачкы максаттарымдын бири. «Рио-де-Жанейро-2016» оюндары мен үчүн тажрыйба топтоо гана болбостон, өз деӊгээлимди жогорку тепкичке чыгаруу болуп саналды. Спортто ийгилик 99 пайыз машыгуу жана өжөрлүктөн турса, калган 1 пайызы сенин физикалык көрсөткүчүӊ»
Негизги мелдештери
түзөтүүЖылы | Мелдештер | Өткөрүлгөн жерлери | Оруну | Дисциплиналары | Жыйынтыгы |
---|---|---|---|---|---|
2014 | Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу | Тайпей | 1 | 3000 м | 9:16,23 |
1 | 5000 м | 16:18,35 | |||
Жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу | Южин | 14 | 3000 м | 9:30,28 | |
10 | 5000 м | 16:07,58 | |||
Азия оюндары | Инчхон | 9 | 5000 м | 15:47,17 | |
2015 | Азия чемпиондугу | Ухань | 3 | 5000 м | 15:42,82 |
Универсиада | Кванжу | 3 | 5000 м | 16:04,09 | |
2016 | Олимпиада оюндары | Рио-де-Жанейро | 19 | 10 000 м | 31:36,90 |
Эскертүүлөр
түзөтүүШилтемелер
түзөтүү- Калып:IAAF
- Дарья Маслова Archived 2015-09-20 at the Wayback Machine Универсиада-2015 сайтында
- Даровитая Дарья Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine