Дастан – эпикалык жанр; Чыгыш элдеринин фольклору менен адабиятындагы баатырдык же романтикалык мүнөздөгү көлөмдүү поэма. Ыр түрүндө же кара сөз менен жазылат; аткарууда кыраатка, обонго салып айтуу кезектеше берет. Дастан баатырдык-фантастикалык темадагы жомок, уламыш, санжыралардан турат. Кара сөз түрүндөгүсүндө ыр, диалог же монолог эриш-аркак жүрөт. Дастанды түркмөн, азербайжан, түрктөр огуз-наме деп да атайт. 10-15-кылымда перс, тажик, өзбек, азербайжан адабиятында айрым романтикалык поэмалар (мисалы, «Лайли-Мажнун», «Хосров-Ширин») жана эпикалык чоң поэмалардын главалары (мисалы, Фирдоусинин «Шахнамеси») дастан делген. Көпчүлүк дастанды качандыр бир заманда жеке адамдар чыгарып, элдин көркөм кенчине кирген элдик-поэтикалык дастандан айырмаланбай калган. Дастандын бул эки түрүнө тең каарманды идеалдаштыруу, апыртуу мүнөздүү. Профессионал адабиятта дастан 16-18-кылымда кыйла өрүш алган. Кээ бир элде (өзбек, кара калпак, түрк, кыргыз жана башка) дастан азыр да жаралууда. Кыргыз фолькористикасы менен адабият таануусунда фольклордук (мисалы, «Жаныш-Байыш», «Курманбек») жана адабий поэмаларды кээде дастан деп атайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1