Дастан Бекешев
Бекешев Дастан Далабайевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ар-Намыс" фракциясынын V чакырылыштагы депутаты.
Дастан Далабайевич Бекешев | ||
| ||
---|---|---|
2015 | ||
Туулган жери: | Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР |
Кыскача өмүр таржымалы
түзөтүүБекешев Дастан Далабайевич 1983-жылы 22-ноябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген.
2001-жылы Көзү азиздер жана начар көргөн балдардын атайын мектеп-интернатын бүтүргөн.
2006-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Үй-бүлөлүү.
Ишмердүүлүгү
түзөтүү- 2006-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчимай райондук башкармалыгында укук маселелер боюнча башкы адис болуп иштеген.
- 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жумушка кирген. Аталган министрликте Ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана фискалдык саясат башкармалыгында иштеген.
- 2009-жылы Саппоро шаарында Япония эл аралык байланыштар агенствосу тарабынан уюштурулган «Өнүгүп келе жаткан мамлекеттеги чакан жана орто бизнести өнүктүрүү» семинарынын катышуучусу.
- 2010-жылы октябрда «Ар-Намыс» саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
- 2010-жылдын 23-декабрында Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланган.
- 2012-жылдын февраль айынан тартып Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.
Сыйлыктары
түзөтүү- 2008-жылы - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин Ардак грамотасы.
- 2012-жылы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Шахмат боюнча спорт чеберлигине талапкер.
Шилтеме
түзөтүү- Дастан Бекешевдин расмий сайты Archived 2013-07-28 at the Wayback Machine
- БЕКЕШЕВ Дастан Далабайевич- «Ар–Намыс» депутаттык фракциясы Archived 2014-08-29 at the Wayback Machine
- Бекешев Дастан Далабайевич Archived 2013-03-12 at the Wayback Machine