Дат козу карындар (Uredinales) - облигаттык мителер, козу карындардын базидиомицеттер классына кирет. Жапайы жана маданий өсүмдүктөргө (сулу, буудай, жүгөрү, бөрү карагат жана башка) зыян келтирүүчү мите. Өсүмдүктүн зыянга учураган бөлүгүндө споралар кочкул сары, күрөң, боз датты пайда кылат. Бул козу карында гаплоиддик жана диплоиддик мицелиялардагы споралар жетилип, муун алмашуу жүрөт. Дүйнөдө 126 уруусу жана 5000ге жакын түрү белгилүү. Д. к. к-дын белгилүү бир түрлөрүндө өрчүү цикли бир гана өсүмдүктө жүрүп, ал бир ээлүү мите деп аталат. Буга күн караманын даты - Puccinia helianthi, роза гүлдүүлөр митеси - Phragmidium кирет. Айрымдарында гаплоиддик жана диплоиддик мицелиялардын споралары менен ар башка өсүмдүктөрдө өсүп жетилет да, түрдүү ээлүү мителер деп аталат. Буга мисал, дан өсүмдүктөрүнүн даты - Puccinia graminis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү