Даурия
Даурия, Даур жери Забайкальенин ортоңку жана Амур боюнун батыш бөлүгүнүн (17-кылымга чейинки) аты. Забайкальенин түштүгүнөн Яблоновой кырка тоосуна чейинки аймак Байкал дауриясы; анын Селенга дарыясынан чыгыштагы бөлүгү Селенга дауриясы; Яблоновой кырка тоосунан чыгышты карай Нерча дауриясы деп аталат. Бул аймакта 17-кылымдын ортосуна чейин жашаган даурлардын атынан аталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5