Дашкова Екатерина Романовна

Дашкова Екатерина Романовна [17 (28). 3. 1743, Петербург – 4 (16).1. 1810, Москва] – орус маданий ишмери, княгиня. Екатерина IIни такка олтургузган. 1873-жылдан Петербург академиясынын директору, өз сунушу боюнча орус тилин үйрөнүү, өнүктүрүү үчүн уюшулган Россия академиясынын президенти (1783–96). Мамлекеттик кызматтагы биринчи аял (такка отургандарды эсепке албаганда). «Собеседник любителей российского слова» (1783–84) жана «Новые ежемесячные сочинения» (1786–96) аттуу мезгилдик басылмаларды негиздеген. Анын демилгеси боюнча орус тилинин түшүндүрмө сөздүгү чыгарылган. 1794-ж. Павел I аны иштен четтеткен. Пётр IIIнүн падышалык мезгили, Екатерина IIнин бийликке келиши, 18-кылымдын ортосундагы Москва турмушу, орус жана европага белгилүү ишмерлер жөнүндөгү баалуу маалыматтуу мемуарлары биринчи жолу орус тилинде 1859-ж. Лондондо басылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү