Деборин Абрам Моисеевич, (өз фамилиясы - Иоффе)(4(16). 6. 1881, Упино, азыр Литва ССР, Шилал районуу - 8. 3. 1963, Москва) - советтик философ, акад. (1929).

1903-жылдан социал-демократ, 1907-17-ж. меньшевик. 1928-жылдан КПСС мүчөсү. Берн университетинин филос. факультететин (1908) бүтүргөн. 1905-жылдан махизмге каршы күрөш жүргүзгөн. 1920-жылдан илимий редактор жана окутуучу. 1926- 30-ж. «Под знаменем марксизма» журналынын жооптуу редактору. 1935-63-ж. СССР ИАда иштеген. 20- жылдары матер, диалектиканы коргоп, механизмди сынга алган. ВКП(б) БКнын «Под знаменем марксизма» журналы жөнүндөгү токтомунда (1931-ж. 25-янв.) журналга жетекчилик кылган Деборин жана анын тобу көп маанилүү маселелерде меныпевикчил идеализм позициясына өтүп кеткендиги сынга алынган.

Деборин кийинки жылдарда жаны замандын социалдык-саясий илиминин тарыхы, марксизм философиясынын тарыхы боюнча бир катар эмгек жазган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.