Девастация (лат. devastatio - жок кылуу, кыруу) - жаныбар, киши, өсүмдүктүн инвазиялуу жана жугуштуу ооруларынын ыландаткычтарын жок кылууга багытталган чаралар.

«Девастация» терминин 1944-ж. К. И. Скрябин гельминтоз профилактикасы үчүн киргизген. Девастацияда механикалык, физикалык, химиялык жана биол. методдор колдонулат. Девастацияга дегельминттоо, химиотерапия, антибиотиктерапия, фаготерапия, дезинфекция ж. б. кирет

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.