Девиз (фр. devises ) – эларалык эсеп-кысап иштерин жүргүзүүгө арналган чет өлкө валютасындагы төлөм каражаттары. Негизинен тышкы соода боюнча эсеп-кысап жүргүзүүгө, капитал кыймылына, көбүнесе эларалык туризм менен дагы башка соодага жатпай турган төлөмдөргө байланыштуу банк бүтүмдөрү Д. аркылуу жүргүзүлөт. Д-ге төмөнкүлөр кирет: четөлкө банктарына коюлган которум, чек, аккредитив; чет өлкөдө төлөнүүгө жатуучу төлөм талабы, төлөм тапшырыгы, вексель, ошондой эле чет өлкө билеттери (банкноттор) менен тыйындар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү