Дегельминтөө (де жана гелъ-минттер) - адам менен жаныбарларды гельминтоздордон сактоого багытталган дарылоо жана алдын-алуу чаралар жыйындысы.

«Дегельминтөө» терминин алгач акад. К. И. Скрябин 1925-ж. сунуш кылган. Дегельминтөө адам менен жаныбарларды гана гельминттен арылтпастан, сырткы чөйрөнү (жер-сууну, азык-түлүктү, тоютту ж. б.) да тазалайт. Адам менен жаныбарларды Дегельминтөө атайын фармакологиялык препараттын (интигельминттер) жардамы менен жүргүзүлөт.

Дегельминтөөнүн 2 түрү бар: дарылоо жана алдын алуу. Алдын алуу көбүнчө мал чарбасында колдонулат. Мында антигельминттер ыландуу малга гана эмес, аны менен чогуу багылган малга да берилет. Бул чара гельминтоздордун эпидемиологиясы менен эпизоотологиясынын өзгөчөлүгүнө жана гельминттердин биологиясына жараша белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.