Дезарг геометриясы, Дезарг мейкиндигинин геометриясы геодезиялык геометрия; мында түз сызыктар геодезиялык сызыктардын ролун аткарат. R Дезарг мейкиндиги болуш үчүн: ар кандай эки чекит аркылуу өтүүчү геод. сызыктын жалгыз гана болушу; dimR=2 болгондо, Дезарг теоремасынын же ага тескери теореманын орун алышы; dimR>2 болгондо, R мейкиндигинин ар кандай үч чекити бир тегиздикте жатышы зарыл жана жетиштүү. R мейкиндиги проекциялык мейкиндикке Pn чагылдырылганда, ал Pn мейкиндигин бүтүндөй жаап калат (бул учурда R мейкиндигинин ар бир геод. сызыгы бирдей узундуктагы айланалар) же R айрым бир гипермейкиндиктин ачык томпок облусу катары каралат. Франциялык математик, архитектор жана инженер Ж. Дезарг негиздеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү