Дейтерий - (лат. Deuterum) D, 2Н суутектин туруктуу изотобу, ат. м. 2,014. Дейтерий менен болгон түрдүү бирикмелер «дейтеро» деген сөздү кошуу менен аталат. Дейтерий саны кадимки суутектин санына салыштырганда өтө эле аз, мисалы, суудагы жалпы суутекке дейтерийдин катышы 1/7000. Ал келечекте атомдук энергетикада нейтрондорду басаңдатуучу жана термоядролук күйүүчү зат катары кеңири пайдаланылат. Атомдук реакторлордо дейтерий (суу менен бирикмеси) оор суу түрүндө, илимий-изилдөө иштеринде, белгиленген атом түрүндө химиялык көп реакциялардын механизмдерин чечүүдө колдонулат. Аны сууну ректификациялоо жолу менен алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү