Рене Декарт

Декарт, Рене‎»‎ барагынан багытталды)

Рене Декарт (1596—1650) — азыркы батыш философиясын негиздөөчү, философия тарыхын изилдөөчүлөрдүн көбү ушундай деп эсептешет.

Рене Декарт.

Ал Францияда, Лаэ деген жерде туулат. Иезуиттик Ла-Флеш коллежинде окуп, 1616-жылы укук адистиги боюнча билим алат. Германияда, Италияда, Голландияда жана Францияда көп жолу саякатта болот. Бир аз убакыт, адегенде протестанттык, андан кийин католиктик Бавардык армияда кызмат өтөйт. Дал ушул мезгилде Ульмада ызгаардуу кыштын күндөрүндө өзүнүн философияга болгон мамилеси жөнүндө ой жүгүртүп, аныктап алуу үчүн от күчтүү жагылган ысык бөлмөдө бир топ убакыт жашоого мүмкүнчүлүк болот.

Декарттын милдеттери

түзөтүү

Ал математик жана философ болгон, өзүнүн алдына философияны далилдүү билимдердин кыйшайбас негизинде кайрадан түзүп чыгууну милдет кылып коёт. Коллежде алган жана ошол кездеги философиянын абалын чагылтып турган бардык билимдерге таптакыр канаттанбагандыктан бардык өткөндөгү традицияларды кайрадан карап чыгууга умтулган, бирок, Бэкондон айырмаланып, тажрыйбага эмес, акыл-эске кайрылган. Математиканы философияны кайрадан түзүп чыгуу үчүн негиз деп эсептеп, математикага көп күч-аракет жумшап эмгектенет.

Ал өзүнүн ишмердигинин бүткүл жүрүшүндө жандуу карым- катнашта болуп турган достору, атап айтканда, Мерсенн да анын бул аракетин колдошот. Анын айланасында кызыкчылыктарынын жалпылыгы боюнча достордун ийрими пайда болуп, кийин ал Франциянын Илимдер академиясына өсүп чыгат. 1629-жылы Нидерландыга көчүп келет, анын өмүрүнүн жана ишмердигинин негизги бөлүгү ушул жерде өтүп, мында 20 жылга жакын жашап турат.

Өзүнүн бир чыгармасында Декарт кабинеттик окумуштуулук ага жакпай тургандыгын жана бардык нерсени «дүйнөнүн улуу китебинен жана өзүңдөн» табууга боло тургандыгын жазган экен, ал бүткүл өмүр бою бул принцибинен жазган эмес. Баарынан мурда ал дүйнөнү иликтеп-үйрөнөт, убакытты текке кетирүүгө болбойт деп эсептеп башка авторлордун чыгармаларын аз окуйт. Декарт экспериментатор жана изилдөөчү болгон, Галилейге окшошкон, ошондуктан ал практикада колдонула турган нерселерди бере ала тургандардын баарын иликтөөгө умтулган, бул жагынан ал философ гана болбостон, эң ири окумуштуу да болгон. Ал — азыркы алгебраны жана аналитикалык геометрияны түзгөн жана механиканы түзүүчүлөрдүн бири болгон. Декарт — жарыктын сынуу мыйзамынын автору, ал физиология, психология жана физика үчүн көп нерселерди жасаган.

Декарттын негизги чыгармалары

түзөтүү

«Усул жөнүндө ой-пикирлер (1637),
«Метафизикалык ой жүгүртүүлөр» (1641),
«Философиянын башаты» (1644),
«Акылды башкаруу үчүн эреже» жана башкалар.

Декарттын философияга кылган мамилеси

түзөтүү

Философия Декарт үчүн бардык илимдердин негизи, анын пайдубалында метафизика жатат. «Философиянын башатында» ал мындай деп жазат: «Бүткүл философия даракка окшош, анын тамыры — метафизика, сөңгөгү — физика, ал эми бул сөңгөктөн тараган бутактар болсо — калган баардык башка илимдер, булар үч башка илимден: медицина, механика жана этика илимдеринен турат. Мөмө-жемиштерди тамырынан эмес, дарактын сөңгөгүнөн эмес, анын бутактарынын учтарынан жыйнап алган сыяктуу, философиянын өзгөчө пайдалуулугу анын эң акырында барып иликтеп-үйрөнүлө турган бөлүктөрү бере турган натыйжаларга байланыштуу болот» [Танд. чыгарм. 421-6.].

Декарт жемишсиз абстрактуу мектептик философияны четке кагып, ага практикалык философияны карама-каршы коёт: практикалык философиянын жардамы менен оттун, суунун, абанын, жылдыздардын, асмандын жана бизди курчап турган башка телолордун күчүн жана аракеттерин биле отуруп, аларды биз ар түрдүү максаттар үчүн так ыктар менен пайдалана алат элек жана өзүбүздү жаратылыштын кожоюндарына жана таксырларына айланта алат элек. Декарттын практикалык усулу жалпыдан жекеликтерге өтүүдө турат, анын негизин ар дайым математика түзгөн. Декарт бардык илимдер математикага баш ийүүсү керек дейт, ал «бүткүл жалпы математиканын» статусун алышы керек: «бул илим» математиканын бөлүктөрү деп атала турган бардык башка нерселерди өзүндө камтып турат» [Танд чыгарм. 93-94-6.]. Бул, жаратылышты таанып-билүү математикалык жол менен белгилене турган баардык нерселерди таанып-билүү дегендик.

Декарт илимий ойломду философиялык принциптер менен байланыштырган жана бул байланышка рационалдык негиз берүүгө умтулуп, философиянын негизги түпкү жоболорун негиздеп иштеп чыгууга аракеттенген. Ушул себептүү ал азыркы батыш философиясынын негиздөөчүсү деп аталат.

Декарттын ой багыты

түзөтүү

Декарт илимий билимди системалуу түрдө түзүүгө умтулган, а бул болсо өзүнөн өзү түшүнүктүү жана шексиз ырастоолорго негизденгенде гана ишке ашмак. Ой жүгүртүүнү Декарт ушундай ырастоо деп эсептеген: «Мен ойлоймун, демек жашап турамын» (Соgito, ergo sum). Декарттын ой багыты мындайча: бардык нерселерге шектенүү менен кароо зарыл, анткени ойломдон башка нерселердин баарынан шектенсе болот. Ал түгүл менин ойлорум жаңылыш болгондо да, ал ойлор мага келгенде мен баары бир ойлономун. Декарт «ойлом» деген терминди баардык аң-сезимдүү руханий ишмердикти камтуу үчүн колдонот. Бул «ойлоочу нерсе» деген ишеним Декартка билимдин бүткүл имаратын түзүп чыгууга негиз берет. Ал муну шектенүү усулунун жана ал өзү «акылдын нуру» деп атагандын жардамы аркылуу аныктаган. Бирок бул шектенүү антик философиясындагыдай скепсис эмес, шектенүү дегенибиз Декарт үчүн — тар максат эмес, бекем билимди түзүп чыгуунун куралы гана. Декарттын скепсиси — алгачкы аныктыкка алып келүүгө тийиш болгон методологиялык (усулдук) скепсис.

Бэкон үчүн алгачкы аныктык (исходная достоверность) дегенибиз сезимдик таанымга, тажрыйбага таянуу дегенди билдирсе, рационалист Декарт буга канаттанбайт, анткени ал сезим алдап кетиши мүмкүн экенин жана ага таянууга эч мүмкүн эместигин түшүнөт. Ал ошондой эле, авторитеттерге ишенүүгө болбойт деп эсептеген, анткени авторитеттердин аныктыгы кайдан келип пайда болот деген суроо келип чыгат. Декартка эч кандай шек туудурбай турган негиздер керек. Эгерде, деп жазат ал, бардык шек туудурган нерселерди жалган деп ыргытып сала турган болсок, анда Кудай, асман, тело да жок деп болжоого болор эле, бирок биз ой жүгүртүп турабыз, демек бизди жок деп айтууга болбойт, ой жүгүртө алгандарды жашабайт, жок деп айтуу натуура. «Мен ойлоймун, демек жашап турамын» деген сөздөр менен ырастала турган факт туура философиялык ой жүгүртө алгандар үчүн эң анык факт болуп саналат.

Декарттын « Соgitoсу»

түзөтүү
 
Principia philosophiae, 1685.

баарынан мурда математиканын, табият таануу илиминин өнүгүшү менен тыкыс байланыштуу. Декарт арифметика менен геометрия гана анык жана шексиз нерселерди өзүндө камтып турат деп жазат. Түштө да, өңдө да, дейт Декарт, эки кошуу үч — бешке барабар, ал эми тик бурчтукта төрт гана жак болот. Мындай анык акыйкаттардан шектенүү дегеле мүмкүн эмес.

Декарттын « Соgitoсу» — ойлоочу субстанция, муну биз түздөн түз кабыл алабыз, ал эми башка субстанция, атап айтканда, материалдык субстанция башка нерселердин жардамы аркылуу ачылып көрүнөт. Мына ошентип, ойлоочу субстанция дегенибиз бул ойлом, ал эми материалдык субстанция — бул тело, ал акциденцияга — формага, абалга жана турган жеринде кыймылга ээ болуп турат ж.б. Ойлоочу субстанция — аралык, ченге (протяженность) ээ эмес жана ал бөлүнбөйт, материалдык, же тело субстанциясы, тескерисинче, аралык, ченге ээ, ал өзүнчө бөлүктөргө бөлүнөт.

Декарт үчүн ойлом метафизиканын иликтеп-үйрөнүүчү предмети, ал эми материя — физика иликтеп-үйрөнүүчү предмет. Материя — чексиз бөлүктөргө бөлүнүүчү субстанция. Ошол эле убакта Декарт атомдорду тааныган эмес, ал үчүн боштук (пустота) да болгон эмес.

Декарт өзүнүн окуусу менен эки субстанцияны: ойлом менен материяны карама-каршы койгон дуализмдин негизин салган. Ал материя жана ойлом бири-бирине көз каранды эмес экенин моюнга алат. Субстанция өзүнүн жашап турушу үчүн эч нерсеге муктаж болбогон нерсе, ал өзүнө өзү гана муктаж. Ушундан улам Декарт Кудай — кынтыксыз, өркүндөгөн субстанция болуп саналат деген корутундуга келет. Декарт үчүн Кудай таанымдын акыйкаттыгынын кепили гана. Декарттын ою боюнча, Кудай адамды алдабайт, ал эми турмушта болсо мындайлар көп учурайт.

Декарт гносеологиялык оптимизм принцибин туткан, бул принцип боюнча алганда таанымдын мүмкүнчүлүгү чексиз.

Материянын негизги акциденциясы, Декарттын пикири боюнча, аралык, чен, таралып тургандык болуп саналат. Материянын мындан башка касиеттери болсо да, анын таралып турушуна карата алганда алардын бардыгы туунду касиеттер, ошондуктан бардыгын бир гана ушул түшүнүккө алып келип такоого болот.

Нерселердин аралык, чеп проблемасы кыймыл проблемасы менен тыкыс байланышкан, кыймылдын булагы материядан, телодон сыртта, дейт Декарт. Эгерде кыймылдатылган тело кыймылдап турган болсо, анда ал кыймылды телонун чөйрөсүнөн сыртта турган нерсе гана токтото алат. Бул так механикалык позиция болгон. Декарт үчүн механика «жалпы математиканын» эң маанилүү конкреттелиши катарында көрүнгөн.

Механикалык детерменизм концепциясы

түзөтүү

Өзүнүн физикасында Декарт механикалык детерменизм концепциясын өнүктүрөт, бул космогониялык гипотезаны түзүүдөн өз көрүнүшүн тапкан. Бул гипотеза өзүндө баарынан мурда дүйнөнүн эволюциялык концепциясын камтып турган. Декарт, материалдык нерселерди, аларды дап-даяр түрдөгү нерселер катарында карабай, алардын акырындык менен жүрө-жүрө калыптанып түзүлүшүн көрүп-байкоо аркылуу таанын-билүү жеңил деп жазат.

Декарттын космогоникалык гипотезасында Кудайдын ролу бар болгону материяны жаратканында жана ага алгачкы түрткү бергендигинде гана турат, бул алгачкы түрткүнүп натыйжасында баш-аламан кыймыл келип пайда болгон. Кыймылдык бул баш-аламандыгынын жоголушу жана Күн системасынын пайда болушу эми механиканын мыйзамдары боюнча — куюндаган түрдөгү кыймыл мыйзамдары аркылуу ишке ашат. Декарттын космогоникалык гипотезасында механикалык мүнөздөгү көптөгөн кемчиликтерине карабастан өнүгүү идеясынын өзү маанилүү. Кант-Лапластын алда канча өркүндөтүлгөн космогоникалык гипотезасы Декарттан кийин бир жарым кылым өткөндө пайда болгон.

Декарттын механизми изилдөөлөрдүн бардык башка тармактарында, атап айтканда өсүмдүктөрдүн жана өзгөчө жаныбарлардын организмдеринин иш-аракетинин мүнөзүн ачып түшүндүрүүдө көрүнөт. Декарт организмдин сөзсүз түрдө жооп кайтаруучу реакциясы жөнүндөгү теориянын ачылышына жол салып кеткен адам болгон, бул теория көптөн кийин И.П.Панлов тарабынан иштелип чыккан.

Картезиандык философия

түзөтүү

Картезиандык философиянын бул негизги жоболорунан Декарттын механизминин негизги принциби келип чыгат, атап айтканда, адам дегенибиз бул машина, өзгөчөлүгү бар, бирок эч кандай жанга, өсүмдүктүкүндөй да, сезип-туюучу да жанга ээ болбогон машина деген корутунду чыгат. Адамдын аракети өзүнүн эрксиз, шексиз-рефлектордук формасында алганда жаныбарлардын аракетине окшойт. Декарттын кумарлык (страсть) жөнүндөгү окуусу адамга механикалык көз караштан мамиле жасоонун көрүнүштөрүнүн бири болду. Адам организмине тийиштүү болгон кумарлыкты ал көбүн эсе физиологиялык көз караштан караштырат жана кумарлык адамдын дене- боюнун тигил же бул аракетин чагылдырып турат деп эсептейт. Адам кумарынын көптөгөн түрлөрүнүн баарын ал негизги алты кумарга алып келип такайт: таң калуу, сүйүү, жек көрүү, каалоо, кубаныч, кайгы.

Декарттын рационализми адамды акыл-эстүү жан катарында кароодон да көрүнөт, адамды баарынан мурда максатты көздөгөн иш-аракет жана сөз айырмалап турат.

Руханийлик менен дене-бойдун карым-катнашынын психофизиологиялык проблемасын чечүү менен, Декарт биринчинин экинчиге багыныңкы эместигин тааныйт. Декарт үчүн ойломдук, интеллектуалдык нерселер дегенибиз жападан жалгыз чыныгы баштапкы жана басымдуулук кылган нерселер. Бирок Декарт барып келип эле материалдык жана руханий субстанциялар карама-каршы субстанциядагы процесстердин жүрүш багытына таасир бере турганын моюндайт. Ал гана эмес Декарт бул байланыштын тоомдошкон борбору, атап айтканда мээнин шишик сыяктанган безинде деп аныктоого аракеттенген.

Декарт адамдарда тубаса идеялардын болорун тааныган, ал идеялар тышкы предметтерге көз каранды эмес, алар ачыктыгы, дааналыгы, жөнөкөйлүгү менен айырмаланат. Кудай түшүнүгү — эң жогорку тубаса түшүнүк катарында чыгат. Тубаса түшүнүктөрдөн башка да тубаса аксиомалар бар, мисалы: «үчүнчүгө барабар болгон эки чоңдук өз ара барабар». Декарт логикалык мыйзамдарды да тубаса мыйзамдарга таандык кылат.

Усул жөнүндөгү ой жүгүртүүсү

түзөтүү

Тааным, Декарт боюнча, акыл-эстин нуру менен жарык болуп турат, ал эми адашуу-жаңылуу ал адам эркинин эркин болгондугунун натыйжасында пайда болот, ал эркиндик дегенибиз адамдагы иррационалдык башталыштын өзү.

«Усул жөнүндөгү ой жүгүртүүсүндө» Декарт көбүрөөк чыныгы, анык таанымга жетүүнүн жолун көрсөтүп бере турган эрежелерге токтолот. Декарт өзү да туткан бул эрежелер төмөнкүлөр:

  1. ой жүгүрткөндө акыл-эсте ачык жана даана көрүнө турган жана өзүнүн акыйкат экендигинен эч кандай шек туудурбай турган жоболорго гана таянуу керек;
  2. ар бир татаал проблеманы, аны түзүп турган бөлүктөргө айрым айрым бөлүп алуу керек, анткени ар бир бөлүк өзүнчө алганда жакшы чечилет;
  3. ой жүгүрткөндө эң жөнөкөй жана жеңил таанылып-билине турган предметтерден бир кыйла татаал нерселерди таанып-билүүгө, белгилүү жана далилденген нерселерден азыраак белгилүү болгон жана али далилденбеген нерселерге өтүүгө аракеттен;
  4. ойлоонун логикалык жүрүш процессинде ой жүгүрткөндө эч нерсени унутта калтырбоого аракеттенүү керек.

Декарттын жана анын Философиясынын ролу баа жеткис. Анын бүткүл кийинки философиялык ой-пикирге тийгизген таасири өтө зор. Декарттын идеяларын андан ары өнүктүргөн философиядагы окуулар жана ар түрдүү багыттар (анын латындашкан ысмы — Картезиядан улам) картезианчылык деп аталып калат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү