Декстердин лабораториясы

"Декстердин лабораториясы" (англ. Dexter's Laboratory; жалпысынан "Dexter's Lab" деп аталат) - америкалык комедиялуу илимий-фантастикалуу анимацияланган телесериал. Сериал Cartoon Network үчүн Геннди Тартаковски тарабынан тартылып, Cartoon Network чыгарган алгачкы мультфильм болуп саналат. Мультфильмде үйүнүн жертөлөсүндө сырдуу лабараториясы бар Декстер аттуу таланттуу жана ойлоп чыгаруучу бала, ар дайым лабараториясына кирген Ди Ди аттуу эжесин ал жерден чыгаруу үчүн күрөшүүсүн чагылдырат. Ал ошондой эле коңшусу жана Мандарк аттуу гений өнөктөшү менен болгон атаандашуусун баяндайт. Алгачкы эки сезон кошумча эки бөлүмдү камтыйт. Биринчиси, Декстердин үй жаныбары лаб-маймыл/ супербаатыр тууралуу "Маймылга М менен байланыш" (англ. Dial M for Monkey) жана экинчиси бир бөлмөдө жашаган үч супер баатыр тууралуу "Адилеттүү достор" (англ. The Justice Friends) бөлүмү.

Декстердин лабараториясы- дүйнө жүзү боюнча жакшы сын-пикирлерге ээ болгон жана жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуу менен Cartoon Networkтун эң популярдуу жана ийгиликтүү сериалдарына айланган. Сериалдын көрсөтүү убагында ал үч "Annie Awards" сыйлыгын жеңип, төрт жолу "Primetime Emmy Awards" сыйлыгына, төрт "Golden Reel Awards" жана тогуз кошумча "Annie Awards" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Бул сериал ошондой эле Крейг МакКрекен, Сет МакФарлейн, Бач Хартмен жана Роб Рензетти аттуу мультипликаторлордун карьералык өсүүсү үчүн да абдан маанилүү. Буга кошумчалай сериалдын комедиялуу китептери, DVD жана VHS, музыкалык ыр жыйнактары, оюнчуктар коллекциясы жана видео оюндары бар.

Сюжети түзөтүү

Эпизоддор тизмеси түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү