Дементьев Петр Васильевич

Дементьев Петр Васильевич (11 (24). 1. 1907-14. 5. 1977) - эки жолу Социалисттик Эмгек Баатыры (1941[1], 1977).

1938-жылдан КПСС мучесу. 1931-ж. Жуковский атындагы Аскер-Аба академиясын бүткөн. 1931-41-ж. авиация өнөр жайынын заводдорунда жана илимий изилдөө институттарында (ст. инженер, инженер-техникалык кызматта (цех начальниги, башкы инженер, заводдун директору) иштейт. 1941-53-ж. авиация өнөр жай Эл комиссарынып 1-орун басары, 1953-57-ж. авиация өнөр жай министри. 1957-65-ж. СССРдин авиация техникасы боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы - СССР министри. 1965-77-ж. авиация өнөр жай министри. КПССтин 20-25-съездинин делегаты, 19-съездде КПСС БКга мүчөлүккө кандидат, 20-25-съездде БКга мүчө. СССР Жог. Советине (4- 9-шайл.) депутат. СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1953). Тогуз Ленин ордени, башка орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  1. «О присвоении звания Героя Социалистического Труда т.т. Шахурину А. И., Дементиеву П. В., Воронину П. А., Третьякову А. Т.» от 8 сентября 1941 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1941. — 13 сентября (№ 39 (154)). — С. 1.