Демодекоз - (Demodekoses), Demodex уруусундагы кенелер козгоочу ылаң. Бул кенелер түрдүү жаныбардын кылы, жүнү, түгү өсүүчү дүмүрчөсүндө жана май бездеринде мителик кылат. Ылаңдаган жаныбардын териси сезгенет, катмарланат, тез арыктайт. Ылаң өзгөчө ит, бодо мал жана чочкодо оор өтөт. Жаныбарды түрүнө жараша ар түрдүү кенелер ылаңдатат. Бул кенелердин дене түзүлүшү жана өөрчүү циклдери негизинен окшош. Соо мал ылаңдуулар менен чогуу багылганда жугат. Өзгөчө ыплас короо-сарайда багылып, жем-чөбү сапатсыз келип, жетишсиз болгондо, жаш мал ылаңга тез чалдыгат. Ылаңдаган малдын баш, моюн, далы, төш жана буттарынын ар кайсы жеринде чоңдугу 2–10 ммге жеткен, колго урунган дөмпөктөр пайда болот. Дөмпөктөрдүн кылда чокусунда тешиги болуп, андан сары суу чыгып турат, сыкканда агыш түстөгү коюу суюктук чыгат. Дарылоо комплекстүү түрдө жүгүзүлөт. Ылаңга чалдыккан жерлерин «Акродекс», «Дерматозоль», «Росинка», «Циодрин», «Псороптол» аэрозоль дары-дармеги менен 4–6 жолу дарылайт. Кабылдап кеткенде, терисинин астына ивомек куят, жараланган жерлерине күкүрт менен дёготтун (кара май) вазелиндеги аралашмасын сүйкөйт, жемге кошулуп күкүрт берилет. Ылаңды алдын алуу үчүн ветеринардык-санитардык иш-чараларды туура сактап, соо малга ылаңдууларды жолотпоо зарыл.

Демодекоз.
Demodex canis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1