Демократияга өтүү - үлгүлөрү, баскычтары, шарттары.

Саясий транзитологиянын борбордук түшүнүгү катары тоталитардык жана авторитардык бийликтен демократиялык бийликке өтүү жүрүшүндөгү институционалдык кайра өзгөртүүлөрдү «саясий өтүү» деп түшүнөбүз. Демократияга өтүү теориясын биринчи ирет Д.Ростоу иштеп чыккан. 1970-ж. «Демократияга өтүүлөр: динамикалык үлгү аракети» аттуу эмгегинде саясий өзгөрүштүн үлгүлөрүн куруу үчүн баштапкы жоболорду жазып чыккан. Ростоу саясий күч-кыймылдын ылдамдыгын, мүнөзүн жана багытын аныктаган себептерге көңүл бурган.

Демократияга өтүү тажрыйбаларын салыштырмалуу талдоонун негизинде Ростоу өтүүнүн үч негизги баскычын бөлүп көргөзөт:

  • 1) даярдык баскычы, буга саясий күчтөр менен коалициялардын карама-каршылыгынын күчөшү мүнөздүү;
  • 2) чечимдерди кабыл алуу баскычы, мында негизги саясий күчтөрдүн ортосунда келишимге жетишүү менен «оюн эрежеси» аныкталат;
  • 3) жетишилген келишүүлөрдү бекемдөө жана демократиялык институттардын түзүлүшү (же «көнүшүү» баскычы).

XX к. 80-90-жж. А.Пржеворский, Ф.Шмиттер, Г.О. Доннел, С.Хантингтондун ж.б. ысымдары менен байланышкан Демократияга өтүү үлгүсү иштелип чыгат. Доннел менен Шмиттер Демократияга өтүүнүн үч баскычын: либералдаштырууну, демократиялаштырууну жана социалдаштырууну бөлүп көрсөтүшкөн. Либералдаштыруу деп алар бийлик аппаратын өзгөртпөгөн жарандардын эркиндигин институтташтыруунун жүрүшүн түшүнүшкөн. Тутумдун өзү өзгөрбөйт, жыйынтыгында аппараттын камкордугу алдындагы формалдык демократиялык институттардын бийлигинен турган «камкорчу демократия» пайда болот. Демократиялаштыруу баскычында саясий бийликтин бардык түзүлүшү алмаштырылат, анткени оппозиция парламент сыяктуу жаңы институттарда чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк алат. Биринчи эркин атаандаш шайлоолордун жыйынтыгында жаңы саясий тутумду түзүү башталат. Демократияга өтүү үчүнчү баскычы жарандарды ресоциалдаштырууну билгизет, башкача айтканда жаңы чен өлчөмдөр менен баалуулуктарды өздөштүрүү, демократиялык саясий жүрүш учурунда мамилелердин жаңы тутумуна акырындап кирүү.

А.Пржеворский өтүүнүн эки негизги баскычын: «либералдаштырууну» жана «демократиялаштырууну» бөлүп көргөзөт. Либералдаштыруу эки багытта - жогортон жана төмөнтөн ишке ашышы мүмкүн, ага туруксуздук мүнөздүү. Либералдаштыруу өзгөрүүлөрдүн уланышына өбөлгө түзүүгө жарамдуу, ошол эле мезгилде репрессияларды чакырышы, ошону менен бирге мурдагы авторитардык бийликтин кайрадан күчөшүнө алып келиши ыктымал. Өзгөрүүлөрдүн уланыш мүмкүндүгү жогортон өзгөртүүдө көбүрөөк. Эгер өзгөрүүлөр уланып олтурса, анда кийинки баскыч - демократиялаштыруу келет. Экинчи баскыч - «авторитардык бийликтен бошонуу» жана демократиялык башкарууну «конституциялаштыруу» өңдүү эки баскычка бөлүнөт. Биринчи баскыч реформаторлор менен солгундардын ортосундагы келишимдин натыйжасында келип чыгышы мүмкүн. Экинчи баскыч сүйлөшүүлөр жолу менен ишке ашырылат. Баскычтарды өтүүнүн жана Демократияга өтүү. жолдорун тандоонун ылдамдыгы көбүнесе негизги саясий күчтөрдүн жайгашына жана өз ара катышына жараша болот. С.Хантингтон Демократияга өтүүнүн бир нече тарыхый үлгүсүн бөлүп көргөзөт. Биринчи үлгүнү ал түрмөктүү деп атайт. Мында авторитардык бийликтин демократиялык бийлик менен, демократиялык бийликтин кайра авторитардык бийлик менен кезек-кезеги менен алмашып туруусу түшүндүрүлөт. Экинчи үлгү ал тарабынан экинчи аракеттин үлгүсү катары белгиленет. Жацыланууну ишке ашырып жаткан өлкөлөрдөгү демократия транзиттин экинчи аракетинен кийин гана орногон. Бул жерде авторитардык бийлик демократиялык бийлик менен алмашкан натыйжалуулуктун төмөндүгүнүн себебинен демократия жеңилүүгө дуушар болгон, андан соң экинчи ирет демократиялык бийлик менен алмашкан авторитардык бийлик орногон. Үчүнчү үлгүнү америкалык саясатчы үзүлгөн демократия деп атайт. Ал демократиялык күчтөрдүн жеңилиши жана Демократияга өтүшү жеңилиш менен мүнөздөлөт. Төртүнчү үлгү ал тарабынан авторитардык бийликтен туруктуу Демократияга өтүү менен байланыштырылат. Акырында, бешинчи үлгү - деколониялаштыруу - колониялыктан кол үзгөн өлкөлөрдө демократияны мурдагы метрополиялар тарабынан «жогортон» киргизүүнү болжолдойт. Демократиялык транзиттин натыйжаларын жана жыйынтыктарын С.Хантингтон бир нече себептердин ортосундагы күрөш менен байланыштырат. Аларга ал өкмөттүн реформисттик жана консервативдик бөлүгүн, ошондой эле радикал-экстремисттик жана солгун-демократиялык оппозицияны кошот. Кезегинде өкмөттүн реформисттик бөлүгү ал тарабынан либералдуу жана демократиялык реформаторлорго бөлүнгөн. Өкмөттөгү демократиялык реформаторлор да, оппозициядагы солгун демократтар да бийликтин демократиялашуусуна кызыкдар. Ошол эле учурда консерваторлор авторитарчылыкты, ал эми оппозициянын радикал-экстремисттик бөлүгү демократиялык багытта болбогону менен, бийликтин өзгөрүшүн сактап калууга умтулгандар. Эгер реформаторлор консерваторлордон, ал эми чечүүчү маанини солгундар ойногон өкмөт оппозициядан күчтүү болгондо С.Хантингтон трансформация деп атаган демократиялаштыруу болуп өтөт деген. Эгер оппозиция өкмөттөн күчтүү болсо, ал эми солгундар радикал-экстремисттерди көзөмөлдөй алууга жарашса, анда Демократияга өтүүнүн жолу эски бийликти жаңы бийлик менен алмаштыруу болуп саналат. Акырында, эгер өкмөттөгү реформаторлордун күчү менен оппозиция ичиндеги солгундардын күчү бирдей болуп калса, анда Демократияга өтүүнүн жаңы үлгүсү - орун алмаштыруу түзүлөт.

Трансформация учурунда башкаруучу элита авторитардык бийликти жок кылат жана бийликтеги мурдагы элитаны четтетип, бийликке жаңы элита топторунун келишин шарттаган жаңы бийлик менен алмаштырат. Өтүүнүн бул үлгүсү улантуучулуктан жана мурдагы мыйзамдуулуктан баш тартуу менен байланышкан. Орун алмаштыруу өкмөт менен оппозициянын кызматташуусу менен айырмаланат, анткени реформа жүрүштөрүн жалгыздап аткаруу алардын колдорунан келбейт. Натыйжада бийликти алмаштыруу соодалашууга жана өкмөт менен оппозициянын ортосундагы келишимдерге негизделген. Оппозиция бийликке мурдагы башкаруу элитасынын мүчөлөрүнө кепилдик берүү шарттарында кошулган. Мындай келишимдер чыңалууну жок кылып, көптөгөн курч чыр-чатактардан кутулууга мүмкүндүк берген, демек Демократияга өтүү жумшак жүргөн.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8