Демократиянынн түрлөрү - элдин мамлекетти башкарууга катышуусуна, бийлик иштерин кимдин кандай аткараарына жараша демократия - түз, б.а. плебисцитардык жана өкүлдүк болуп экиге бөлүнөт.

Түз Демократия жарандардын чечимдерди даярдоого, талкуулоого жана кабыл алууга түздөн-түз катышуусун шарттайт. Ал кабыл алынуучу чечимдер жөнөкөй жана атайын адистерди жана дасыгууну талап кылбай турган учурда, анча чоц эмес жамааттарда болушу мүмкүн. Түз Демократия ишканаларда, уюмдарда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу деңгээлинде (мис., айылдык жана шаардык жыйындар, жарандардын жашаган жерлериндеги чогулуштар ж.б.) жүргүзүлүшү ыктымал.

Жарандардын бийлик жүргүзүүгө катышуусунун негизги каналы болуп плебисцитардык Демократия эсептелет. Бирок, плебисцитардык Демократия учурунда жарандардын чечим кабыл алуу жүрүшүнө тийгизе ала турган таасири чектелүү: аларга президент, о кмот тарабынан даярдалган мыйзам долбоорун же башка чечимдерди добуш берүү аркылуу колдоо же четке кагуу укугу берилген. Референдумдар жана сурамжылоолор сыяктуу жарандардын катышуу түрү башкаруунун ар кандай деңгээлдеринде кеңири пайдаланылат. Түз жана плебисцитардык Демократия нын ортосундагы айырмачылык дайыма эле жүргүзүлө бербейт. Элдин саясий катышуусунун негизги түрү болуп өкүлдүк Демократия эсептелет, анда жарандар бийлик мекемелерине өздөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүүчү жана мыйзам кабыл алуучу оз өкүлдөрүн шайлап алышат. Өкүлдүк Демократия ны ишке ашыруунун түрү болуп парламент эсептелет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8