Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Катышуучулар тегерек болуп турушуп шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Ар ким кезеги келгенде, бирден терең дем алышкандан кийин кайрадан көпкө дем албай турууга аракеттенишет. Ошентип, каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп убакытка чейин дем албай турган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, чурулдоого, кайрадан дем алгандан кийин аракетти улантууга болбойт.

Педагогикалык мааниси. Дененин аба жетишпегендикке кылган каршылыгын жогорулатууга, чыдамкайлыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү