Дем алдыргыч борбор - борбордук нерв системасынын түрдүү бөлүктөрүндө жайгашкан нерв клетка топторунун (нейрондордун) жыйындысы.

Бул нейрондор организмдеги өзгөрүүлөрдү, дем алууну дайыма башкарып турат. Импульстар Дем алдыргыч борбордон жүлүндөгү кыймылдаткыч нервге келип, козголуу андан дем алдыргыч булчуңуна берилет. Дем алдыргыч борбордун активдүүлүгү гумордук жол менен башкарылат. Нерв импульстары токтолсо да Дем алдыргыч борбор дем алуу кыймылын сактайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.