Денали
Денали, Мак-Кинли – Аляска кырка тоосундагы чоку, АКШда. Түндүк Американын эң бийик жери (6194 м). Этегин ийне жалбырактуу токой, 1300–1500 мден жогору түбөлүк кар жана мөңгү ээлейт. Денали улуттук паркынын курамына кирет. АКШнын президенти У. Мак-Кинлинин урматынан аталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7