Дене сапаттарыадам денесинин спорттук кыймыл-аракеттерге болгон мүмкүнчүлүктөрү. Бардык эле адамдын ондогон км аралыкка жүгүрүүгө же бир нече кмге сүзүүгө мүмкүнчүлүгү болбойт. Мындай көнүгүүлөрдү денеси машыккан жана дене сапаттары(күчү, чыдамкайлыгы, ийилчээктиги, ылдамдыгы, шамдагайлыгы) өнүккөн спортчу гана аткара алат. Дене сапаттары өнүккөн адам ар кандай көнүгүүлөрдү жеңил, так жана туура аткарат. Дене сапаттары адамдын жашына жараша ар кандай өнүгөт. Спортто күчтү өнүктүрүүнүн мааниси өтө чоң. Спорттун дээрлик көпчүлүк бөлүгүндө (Мисалы, күрөштө, бокста, оордук көтөрүүдө жана башка) күчтүн көрсөткүчү эң маанилүү ролду ойнойт. Ылдамдыктын мааниси да спортто зор. Себеби, кайсы гана спортто болбосун (күрөштө, бокста, футболдо) ылдамдыгы жакшы өнүккөн спортчу гана жеңишке жете алат. Чыдамкайлык – адам кыймыл-аракеттерди көп убакытка чейин аткара алгандыгы. Чыдамкайлыкты өнүктүрүү үчүн жүгүрүү, сууда сүзүү, лыжа тебүү сыяктуу көнүгүүлөрдү аткаруу зарыл. Шамдагайлык жана ийкемдүүлүк сапаттар спорт оюндарынын дээрлик көпчүлүк бөлүгүндө, айрыкча гимнастика оюндарында чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1