Дензел Хейс Вашиңтон кичүүсү (англ. Denzel Washington;1954-жылдын 28-декабрында туулган) - америкалык актер, режиссер, продюсер. Ал үч жолу "Алтын глобус" сыйлыгын жана бир жолу "Тони" сыйлыгын алган, "Эн жакшы" (англ. Best, 1989) тарыхый- согуштук драмалык тасмасында "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын жана "Машыгуу күнү" (англ. Training Day, 2001) деген криминалдык триллерде паракор полиция кызматкеринин ролу үчүн "Эң мыкты актер" номинациясында дагы бир жолу "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон.

Актер 1980-жылдардан тарта тасмалардагы турмуштан алынган реалдуу ролдору үчүн белгилүү боло баштаган. "Эркиндик ыйы" (англ. Cry Freedom, 1987) тасмасында Түштүк Африкада апертеид режимине каршы турган активист Стив Биконун ролун, "Малколм Икс" (англ. Malcolm X, 1992) тасмасында укук коргоочу, мусулман лидери Малколм Икстин, "Бороон-чапкын" (англ. The Hurricane, 1999) тасмасында афроамерикалык боксчу Рубиндин, "Титандарды эскерүү" (англ. Remember the Titans, 2000) тасмасында афроамерикалык машыктыруучу Герман Буундун, "Улуу талашуучулар"(англ. The Great Debaters, 2007) тасмасында акын жана окутуучу Мелвин Толсондун, " Америкалык ганстер" ( American Gangster, 2007) тасмасында баңги зат сатуучу Френк Лукастын ролдору ага атак алып келген. Ал Жерри Бракхаймер режиссерлук кылган тасмаларда катышкандыгы менен өзгөчөлөнгөн жана Спайк Лии, Антуан Фукуа жана Тони Скотт сыяктуу режиссерлор менен тыгыз кызматташтыкта болгон. Актерго 2016-жылы, "Алтын глобус" сыйлыгынын 73- аземинде "Кинематографиядагы өзгөчө жетишкендиги үчүн берилүүчү Сесил Б. Де Милл" атайын сыйлыгы ыйгарылган.

2002-жылы, Д. Вашиңтондун "Антван Фишер" (англ. Antwone Fisher) аттуу биографиялык тасмада режиссердук тушоосу кесилген 2007-жылы тартылган "Улуу талашуучулар (дебатчылар)" (англ. The Great Debaters) тасмасы анын экинчи режиссердук иши болуп калды. Актер режиссер болгон үчүнчү тасма "Тосмо" (англ. Fences) 2016-жылдын 16-декабрында жарыкка чыккан, фильмде актер өзү жана Виола Дейвис башкы ролдорду ойногон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү