Денисов Геннадий Степанович

Денисов Геннадий Степанович - (10.3.1947-ж. туулган, Фрунзе ) – физик, физика-математика илимдеринин доктору (2005), профессор (2006). 1970-ж. КМУну бүтүп, КР УИАнын Физика институтунда лаборант, лаборатория башчысы (1972), кийин инженер жана улук инженер. 1976-ж. ошол эле жерде кристалл физикасы адистиги боюнча аспирантураны бүтүргөн. КАЧИде физика кафедрасынын доценти (1984–98). 1999-жылдан КР УИАнын Физика институтунда кристалл физикасы лабораториянын бөлүм башчысы жана КРСУда профессор 50дөн ашык илимий-методикалык эмгектин, 4 автордук күбөлүктүн ээси. КРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000). КР дин илимге эмгек сиңирген ишмери.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1