Депрессия же токуроо (лат. Deprimo - басуу) - бул психиканын бузулушу, анын негизги белгилери: көӊүлдүн чөккөнү жана ырахат алуу жөндөмүнүн начарлашы же жоголушу (анедония).[1]

Депрессия.

 Депрессиянын оор түрлөрү "депрессиялык үчилтик" деп аталат: маанайдын начарлашы, акыл-эс жана дене кыймылынын бошоӊдошу.

Тарыхы

түзөтүү

Депрессия дарыгерлерге илгертен бери белгилүү болгон. Атактуу грек дарыгери Гиппократ биздин бүгүнкү депрессия аныктамабызга абдан окшош "меланхолия" [2]шарттарын кеңири сүрөттөп, байыркы медицинанын мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде дарылоону сунуш кылган.

Гиппократ депрессияга кабылган көптөгөн бейтаптардын абалынын аба-ырайына жана мезгилге көз карандылыгына, көптөгөн пациенттердеги депрессиянын мезгилдүүлүгүнө, кээ бир бейтаптардын уйкусуз түндөн кийин абалы жакшыргандыгына өзгөчө көңүл бурган. Ошентип, ал уйкусуздуктун жана күндүн нурунун (фототерапия) дарылоочу таасирин таппаса дагы, ага абдан жакын болгон. Байыркы Египеттеги эң маанилүү медициналык трактаттардын бири болгон Эберс папирусунда депрессиянын кыскача сүрөттөлүшү бар. Папирустагы маалыматтар ырым-жырымдарга жана ооруну козгогон жин-перилерди жана башка каардуу рухтарды кууп чыгаруунун татаал рецепттерине толгонуна карабастан, узак эмпирикалык практика жана байкоо жүргүзүү керектигин да ырастап турат. Ыйык Китепте Шабул падыша депрессияга кабылгандыгы айтылат.  


Диагностика

түзөтүү

Депрессиянын диагнозу - бул психотерапевт тарабынан оору белгилерин жана оорулуунун эмнеге байланыштуу даттанып жатканын аныктоо.  

Дарыгер төмөнкү ыкмаларды колдонот:

1. Клиникалык тарыхты изилдөө депрессияны аныктоонун негизи болуп саналат. Адис депрессиянын мүмкүн болгон себептерин баалап, бардык симптомдорду, диагностикалык критерийлер менен салыштырат. Тажрыйбалуу дарыгер кайдыгерлик абалындагы, тынымсыз ыйлаган же башкалар менен байланышуудан баш тарткан бейтаптарга дагы диагноз коё алат.

2. Клиникалык психолог жүргүзгөн патопсихологиялык изилдөө. Дифференциалдык диагностика үчүн[1] (мисалы, шизоаффективдүү бузулуу менен) жана дарылоонун натыйжалуулугун көзөмөлдөө учун психолог бейтаптын ой жүгүртүүсү, эс тутуму, концентрациясы, эмоционалдык-эрктүү чөйрөсү жөнүндө корутунду берет.

3. Невропатологдун, терапевттин текшерүүсү - эгер адамда оору, сезүү органдарынын бузулушу, тамак сиңирбөө, жүрөктүн оорушу сыяктуу даттануулар болсо, анда жалпы соматикалык ооруларды аныктоо керек. Анткени айрым учурларда депрессиянын жана нервдин чарчашынын негизги белгилери буга байланыштуу болот.

4. Лабораториялык жана инструменталдык текшерүү - эгер дарыгер адамдагы башка бир оорунун белгилери боюнча шектенсе, анда ал депрессиялык белгилер башка психикалык оорунун симптоматологиясынын бир бөлүгү болушу мүмкүн: шизофрения, биполярдык бузулуу же шизоаффективдик бузулуу.

Кошумча белгилери:

түзөтүү

1. Пессимизм;[3]

2. Өзүн күнөөлөө, пайдасыз деп сезүү, тынчсыздануу жана / же коркуу;

3. Өзүн төмөн баалоо;

4. Көңүл топтой албоо жана чечим кабыл алуудан кыйналуу;

5. Өлүм жана (же) суицид жөнүндө ойлор;

6. Туруксуз табит, салмактын жеӊилдеп же оорлоп кетиши;

7. Уйкунун бузулушу, уйкусуздук же ашыкча уйку.

ICD-10 диагностикалык критерийлерине ылайык, симптомдору кеминде 2 жумага созулган болсо, депрессиялык бузулуу диагнозу коюлат. Бирок симптомдору адаттагыдан катуу болуп, тез башталса, диагнозду кыска мезгилдерге коюуга болот.

Депрессиянын турлору

түзөтүү

Депрессиянын белгилери өлчөмүнө, убактысына, оордугуна жана жыштыгына жараша айырмаланат, бирок жалпысынан алар абдан окшош. Анткени депрессиянын ар кайсы түрлөрү ар кандай жолдор менен дарыланат. Адамдын жынысына, жашына жана маданиятына[4] жараша депрессиянын белгилери жана оордугу ар кандай түрдө болот.

1. Депрессивдык эпизод

2. Мезгил-мезгили менен (реккуренттик) депрессивдик өксүү

3. Дистимия[2]

4. Биполярдык депрессия, I тип

5. Биполярдык депрессия, II тип

Психотерапия

түзөтүү

Психотерапия - оорулууну психологиялык[5] таасир менен дарылоо ыкмасы.          

 Психотерапиянын максаты - жеңил жана орточо оордуктагы психикалык жана инсандык өксүүлөрдү жоюуга жардам берүү.

Психотерапия адамдар аралык өз ара аракеттенүүгө негизделген, бирок бул жөн гана жөнөкөй сүйлөшүү эмес. Психотерапия - бул ачык-айкын максаттарды көздөгөн дарылоо. Алар психикалык оорулардан же башка турмуштук көйгөйлөрдөн улам келип чыккан азап-кайгыны сүйлөшүү аркылуу жеңилдетүүгө же жеңүүгө аракет кылышат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, психотерапия, мисалы, депрессияга каршы жакшы натыйжа берет.


[1] Клиническая психология. Н.Д.Лакосина, И.И.Сергеев, О.Ф.Панкова.: Учебник для студ. мед. ВУЗов – 2-е изд.- М., 2005.

https://www.rsvpu.ru/filedirectory/3468/lopes_psihoterapia.pdf


Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. [1] https://educalingo.com/ru/dic-pt/anedonia
  2. [1] Меланхолия // Энциклопедический словарь Брокгауза и Ефрона : в 86 т. (82 т. и 4 доп.). — СПб., 1890—1907.
  3. https://ky.reoveme.com/%D0%B4%D0%B5%D0%BF%D1%80%D0%B5%D1%81%D1%81%D0%B8%D1%8F%D0%BD%D1%8B%D0%BD-(жеткиликсиз шилтеме)
  4. [1]https://ky.reoveme.com/%D0%B4%D0%B8%D1%81%D1%82%D0%B8%D0%BC%D0%B8%D1%8F-%D0%B6%D0%B5-dysthymic-disorder/
  5. [1] Клиническая психология. Н.Д.Лакосина, И.И.Сергеев, О.Ф.Панкова.: Учебник для студ. мед. ВУЗов – 2-е изд.- М., 2005. https://www.rsvpu.ru/filedirectory/3468/lopes_psihoterapia.pdf