Десант – (фр. descente – түшүрүү), согуш жүргүзүү үчүн атайын даярдалган жана абадан ташталган же деңизден душман аймагына түшүрүлгөн аскер бөлүгү. Курамы жана аткаруучу тапшырмалардын мүнөзү боюнча стратегиялык, тактикалык, атайын багыттагы жана көргөзмөлүү десант, ал эми жеткирүү ыкмалары жана каражаттары боюнча аба, деңиз (дарыя , көл ), танк жана кеме десант болушу мүмкүн. Ал согуш максатына жетүүдө күжүрмөн тапшырмаларды аткарат. Десант аскерлер душман ээлеген аймакка аба, суу жолдору аркылуу жеткирилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1