Дескриптивдик тил илими
Дескриптивдик тил илими (лат. descriptivus - сыпаттама) - структурализмдин 20-кылымдын 30-50-жылдарында америка тил илиминде пайда болгон бир багыты.
Тилди изилдөө ыкмалары структуралык принципке негизделген. Изилдөө методунун айрым жактары боюнча глоссематикага жакындашкандыгына карабастан өзунө таандык өзгөчөлүктөрдүн болушу өз алдынча багыт экендигин билдирет.
Структуралисттик башка багыттардан изилдоо методунун так иштелген системасы аркылуу айырмаланат. Дескриптивдик тил илими амер. индеецтердин тилин изилдөөдөгү практикалык талаптан келип чыккан. Кийин англис, инди-европа, түрк жана семит тилдерин изилдоодо өзүнүн методунун практикалык багытын сактоо максатында тилди окутуунун методу менен тыгыз байланыш жасаган.
Дескриптивдик тил илиминин принциптеринин өнүгүшү бир нече этапка бөлүнөт. Дескриптивдик тил илими тилдин структурасынын формалдык элементтерин сыпаттап, дистрибуцияны негизге алат. Натыйжада Дескриптивдик тил илими тыбыштын комплексин тилге барабар коёт да, анын маанисии эске албайт.
Дескриптивдик тил илиминин методу тилдин тыбыштык системасын изилдөөдө кенири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.