Детектив адабият - (лат. detego ачуу, иликтөө) чаташкан ар түрдүү кырдаалдарга, дароо эле чечилбеген түйүндүү сырларга толгон, шумдуктуу, курч окуялардын жана мыкаачылык кылмыштын негизинде жазылган чыгармалар. Детектив адабияттын пайда болуу тарыхы дүйнөлүк карымкатыш, соода-сатык күчөгөн кезде кылмышкерлер көбөйүп, адам өлтүрүү, талап-тоноо, бейкүнөө кордук тартуулар сыяктуу коомчулукту дүрбөткөн көптөгөн материалдардын басма сөздөрдө кеңири жарыяланышына байланыштуу. Адабияттын бул түрүнө америкалык жазуучу Э. По (1809-49) негиз салган. 19-кылымдагы детектив адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрү: Э. Габорио, У. Коллинз (Франция),A. Конан-Дойл жана башка Кыргыз жазма адабиятынын өнүгүш тарыхында саналуу гана жазуучулар бул жанрга кайрылышкан. Детектив адабияттын айрым үлгүлөрү (мисалы, М. Жоошбаевдин «Канжар» повести) жарала баштады. Кийинчерээк бул жанрга Э. Өмүракунов («Жыландар ханышасы», 1994), М. Макенбаев («Прес-Хата», 1998), Ч. Абыке уулу («Бриллиант жылан», 1998) кайрылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү