Дефектоскопия (лат. deаectuc – кемчилик жана ...скопия) – ар кандай материал, иштелип чыккан буюм, тетикти бүлдүрбөй (сындырбай) туруп текшерүү ыкмаларынын жалпы аты. Материалдын ички түзүлүшүндөгү кемчиликти байкоо, химиялык курамынын өзгөрүшүн аныктоо жана башка максаттар үчүн пайдаланылат. Дефектоскопияөндүрүштүн ар кайсы тармагында колдонулуп, материал , буюм , тетик даярдоо технологиясын жана алардын сапатын жакшыртууга, иштөө мөөнөтүн узартууга, кырсыкка жол бербөөгө көмөкчү болот. Дефектоскопиянын ыкмалары материалдарга таасир эткенде алардын физикалык касиеттеринин өзгөрүшүнө негизделген. Дефектоскопиянын оптикалык, радиациялык, радиотолкундук, жылуулук, магниттик, акустикалык, куюндуу токтук, электрдик, капиллярдык сыяктуу түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1