Дефляция (табятта) – (лат. deflatio – үйлөө, желпүү) – шамалдын таасиринен жердин үстүнкү борпоң катмарынын жана тоо тектердин жемирилип, үбөлөнүп (кум , чаң жана башка) учушу. Бул кубулуш айрыкча чөлдөрдө байкалат (Кара-Кум чөлүнүн түштүк жагы). Дефляциянын жана физикалык процесстердин натыйжасында жондонгон жарчалар, мунара сымал мамычалар пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1