Деңиз фаунасы - деңиз жаныбарлар дүйнөсү – океан жана деңизде жашоочу бардык жаныбарлар. Деңиз фаунасынын 160 миңге жакын: жөнөкөйлөр 10 миң (фораминифералар, радиоляриялар, чыбырткылар жана инфузориялар), былпылдактар 5 миң, ичеги көңдөйлүүлөр 9 миң, жыш түктүү жана башка курттар 7 миң, омуроо буттуулар жана балык курттар 4 миң, моллюскалар 80 миң, рак сымалдар 20 миң, ийне терилүүлөр 6 миң, кабыктуулар 1 миң, балыктар 16 миң жана сойлоочулар менен сүт эмүүчүлөрдүн150 түрү белгилүү. Жаныбарлар дүйнөсүнүн бардык тиби деңиз чөйрөсүндө пайда болгон. Алардын кээ бир өкүлү тузсуз сууда жана кургакта жашоого өтүп, туз суз сууда жана жер үстүндө жашоочу жаныбарларды түзгөн. Омурткалуу жаныбарлардын кээ бири деңиз чөйрөсүнө кайра келип, кургак менен байланышын сактап калган (калак буттуулар, деңиз таш бакасы). Кээ бир канаттуулар (пингвиндер, альбатростор жана башка) көбүнчө океан дарда жашайт. Деңиз фаунасы суу тереңдеген сайын азая баштайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1