Деңиз флорасы – деңиз өсүмдүктөр дүйнөсү – деңиз же океанда өсүүчү өсүмдүктөр (балырлар, чөптөр, мангр дарактары жана бадалдар, бактериялар жана бир аз козу карындар) жыйындысы. Деңиздин, көбүнчө күн жарыгы жетүүчү 100–400 м тереңдигине чейин (фотосинтез жүрө турган) балырлар көп кезигет. Алардын микроскоптук түрлөрү суунун бетинде (планктон), ири түрлөрү суунун түбүндө (бентос) өсөт. Деңиз флорасынын тик жана горизонталдык таралуусу күн радиациясынын көлөмүнө жараша болот. Деңиз же океандын жээкке жакын жеринде деңиз флорасы климаттык жана локалдык факторлорго, биогендүү элементтердин санына, суу температурасына, туздуулугуна жана тунуктугуна, топурактын түзүлүшүнө, жээктин корголушуна, тереңдикке жараша таралат. Ири деңиз балырлары (жашыл, күрөң, кызыл) – макрофиттер деңиздин салыштырмалуу жээкке жакын ичке тилкесинен орун алып, деңиздин ташкындоо, тартылуу аймагындагысы литоралдар, ал эми суу жайпаган жердегиси супралиторалдар деп аталат. Макрофиттер ламинарий жана фукус балырларынан (алария, эклания, саргасстар жана башка) турган суу алды токойлорду пайда кылат. Бир жана көп клеткалуу деңиз балырлары сыртынан татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдү элестетип өсөт. Балырлар, демейде, суу түбүнө ризоиддери менен бекип, чанда кумдуу жана баткактуу деңиз түбүндө калкып өсөт. Балырлар деңиз түбүндөгү органикалык заттардын негизги жараткычы, алар жылына 1011 т органикалык зат пайда кылат. Ири балырлардын арасында көптөгөн омурткасыздар жана балыктар (айрыкча алардын тукуму) жашайт, алар менен азыктанат. Суудагы тиричилик жалпысынан балырларга байланыштуу. Алар деңиз суусундагы өтө аз айрым микроэлементтерди өзүнө топтойт. Деңиз флорасына татаал өсүмдүктөрдөн негизинен рдесттер жана водокрастар тукумунун өкүлдөрү мүнөздүү. Чөп өсүмдүктөрү (50дөй түрү) негизинен 100 м суу түбүндө кадимкидей шалбааны пайда кылат. Айрыкча зостера, посейдония, талассия жана башка кезигет. Дүйнөлүк океандагы деңиз флорасынан жылына болжол менен 550 млрд тоннага жеткен азык жана техникалык продукция алынат. Алар медицинада, тамак-аш, текстиль, тери иштетүү жана нефть иштетүү өнөр жайында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1