Токтайым Джоробаева

Джоробаева Токтайым‎»‎ барагынан багытталды)

Джоробаева Токтайым

1950-жылдын 4-апрелинде Ноокен районунун (мурдагы Ленин) Бургонду айылында туулган.

1968-жылдан 1973-жылга чейин Лейлек райондук ооруканасында медициналык кызматкер болуп иштеген. 1973-жылдан 1976-жылга чейин Жалал-Абад медициналык окуу жайында лаборант, 1976— 1983-жылдары Ноокен районунун «Кызыл крест», «Кызыл жарым Ай» коомунун торагасынын орун басары, 1983—1989-жылдары Ош шаарындагы пульманологиялык санаториясында педагог-тарбиячы, 1989—2005-жылдары Жалал-Абад медициналык окуу жайында медайым иш боюнча мугалим, 2005—2006-жылдары практикалык окуу боюнча директордун орун басары кызматтарында иштесе, 2006-жылдан азыркы мезгилге чейин клиникага чейинки база башчысы жана практикалык окуу боюнча башчы. Джоробаева Токтайым 1976-жылы Кыргызстан ЛКСМ Борбордук Комитетинин «Беш жылдыктын жаш гвардиячысы» катарында колодон жасалган тош белги менен сыйланган. 1979-жылы Кызыл Крест коомунун Борбордук Комитетинин Ардак грамотасына, 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Грамотасына, 1999-жылы Жалал-Абад облустук саламаттыкты сактоо башкармасынын жана медицина кызматкерлеринин профсоюздардын облустук Комитетинин Ардак грамотасына татык¬туу болгон. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосунун ардактуу кызматкери.