Диагенез (грек тилинен diagenesis – кайра жаралуу) – суу түбүндөгү борпоң чөкмөлөрдүн катуу тоо тектерге айлануу процесстеринин жалпы аталышы. Терминди 1888-жылы немис геологу В.Гюмбель сунуш кылган. Алгачкы жана кийинки диагенез болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1