Диалектикалык материализм

Диалектикалык материализм - «Марксизмдин философиялык окуусу жана коммунисттик партиялардын дүйнөгө көз карашы» (советтик философиялык аныктамадан). Диалектикалык материализм жана анын негизги принциптери 19-кылымдын 40-жылдарында К. Маркс менен Ф. Энгельс тарабынан түзүлүп, В. И. Ленин аны андан ары өнүктүргөн. Диалектикалык материализм бирден-бир жеткилең иштелип чыккан философиялык система деп эсептелинген. В. И. Лениндин сөзү менен айтканда, марксизмдин философиясы Диалектикалык материализм немис классикалык философиясына, айрыкча, Л. Фейербахтын материализмине, филос. теориянын туу чокусуна жеткен Гегелдин улуу диалектикасына таянган. Табият таануу илимдери жаатындагы улуу ачылыштар (энергиянын сакталуу закону, клетканын ачылышы, Дарвиндин эволюциялык теориясы), коомдук өнүгүүнүн индустриялык баскычка өсүп жетилиши, тарыхый жана социалдык изилдөөлөрдүн деңгээли турмуш алдыга койгон орчундуу, түпкү болмуштук маселелерге жооп бере ала турган жаңы, чыныгы илимий теорияны иштеп чыгуу милдети дүйнөлүк коомдук ой-пикирдин алдына курч коюлган тарыхый чакырык Диалектикалык материализмди турмушка алып чыкты,делет марксизм тарыхынын баянында. Диалектикалык материализм теориясынын ырастоосуна ылайык, материя дүйнөнүн жападан-жалгыз негизи, чордону. Ал эми аң-сезим болсо, анын касиети. Дүйнөнүн кыймылы жана өнүгүшү, Диалектикалык материализм окуусу көрсөткөндөй, анын ички карама-каршылыктарынын натыйжасында, башкача айтканда карамакаршы жактардын биримдиги менен күрөшү, сандык өзгөрүүлөрдөн сапаттык түргө өтүү, танууну тануу (үч баскычтуу өнүгүү: тезис антитезис-синтез) сыяктуу бүт баарына жалпы таандык мыйзамдардын негизинде жүрүп турат. Диалектикалык материализмдин предмети жалпылык жана жекелик, маңыз жана көрүнүш, мазмун жана форма, бүтүн жана бөлүк, себеп жана натыйжа, мүмкүндүк жана чындык, зарылдык жана кокустук сыяктуу категорияларында ачылат. Диалектикалык материализмдин эң маанилүү принциби тааным теориясы: жаратылыштын өнүгүү, өсүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ойлоонун (ой жүгүртүүнүн) өсүп-өнүгүү тенденцпяларынын дал келишин, болмуш менен ойломдун мыйзамдарынын бипбирдейлигин көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5