Диалектикалык теология (кризистин теориясы) – евангелиелик теологиядагы 20-кылымдын 20–30-жылдарда пайда болгон агым; өзүнүн келип чыгуусу жана теориялык жоболору боюнча экзистенциализмге абдан жакын, «диалектикалык» деген түшүнүк философиялык мазмунга толук каныккан эмес, ал адамдын өзүнө карама-каршы турган суверендүү кудай менен пикир алышуу учурундагы ойдун ишин түшүндүрөт. Диалектикалык теология интеллектуалдуу теологиялык агым катары (1921–1933) диний ойчулдар тарабынан төмөнкүдөй аталыштар менен белгилүү болгон: Диалектикалык теология (К. Барт), «Жаңы Осуятты демифологизациялоонун» теологиясы (Р. Бультман), универсалдуу теология (П. Тиллих), «жансыз (өлгөн) кудайдын» теологиясы (Д. Банхеффер), эсхатологиялык теология (Р. Нибур), үмүттүн теологиясы (Ю. Мольтман), революциянын теологиясы (М. Шретер) ж. б. Аталган агымдын өкүлдөрүнө биринчи дүйнөлүк согуштан кийин интеллектуалдык чөйрөгө тез жайыла баштаган даниялык философ С. Кьеркегордун жана М. Хайдеггердин экзистенциализми күчтүү таасир берген. Акырындык менен Диалектикалык теология бирдиктүү окуунун нугунан чыгып, анын өкүлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер башталган. Жалпы жонунан бул агымдын ойчулдары 20-кылымдын башында үстөмдүк кылган «диний» адамга берилген тарыхый жана психологиялык түшүндүрмөлөргө каршы чыгып, Библияда Кудай, Кудайдын аяны, Кудайдын амири, Кудайдын падышачылыгы ж. б. түшүнүктөргө илимий аныктама берүүгө жана алардын маани-маңызын түшүнүүгө аракет кылышкан. Диалектикалык теологиянын бир катар өкүлдөрү азыркы учурдагы философия менен теологиянын өнүгүшүнө зор таасир беришкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү