Диалектология (диалект жана ...логия) – тил илиминин диалектилерди изилдеп үйрөтүүчү жана иретке салуучу бөлүгү. Диалектология илими диалектография (мүнөздөөчү) жана тарыхый диалектология деп бөлүнөт. Диалектология жолу менен диалектилерди үйрөнүү учурдагы диалектилердин түзүлүш-аймактык жиктелиши, кайсы бир тилдин диалектилеринин фонетикалык системасы, грамматикалык түзүлүшү, сөздүк курамы жөнүндө ырааттуу маалымат берет. Жергиликтүү говор (айтым), диалектинин өзгөчөлүктөрү, аймактык таралыш чеги, изоглассасы лингвистикалык география аркылуу аныкталат, коңшу тилдер менен болгон мамилеси белгиленет. Диалектилерди мындай синхрондук үйрөнүү, аймактык таралышты салыштырып талдоо аны тарыхый-диахрондук жактан үйрөнүүгө жол ачат. Тарыхый диалектология азыркы диалект, говорлордун түзүлүшүн, тарыхый өнүгүшүн жазма эстеликтердин тили жана тарых, этнография, археологиянын маалыматтары менен айкалыштыра салыштырып изилдейт. Тилдин диалектилерге бөлүнүшү байыркы замандан бери эле белгилүү. Тилдеги диалектилик өзгөчөлүктөр 19-кылымдан Батыш Европада, Россияда элдик маданият, этнография, фольклор менен байланышта изилденет. Диалектологиянын кийинки өнүгүшү тил илиминдеги младограмматика агымы менен тыгыз байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1