Диана Светличная

Кыргызстандык жазуучу, журналист жана фотограф

Диана Светличная (нукура ысымы Юлия Горяйнова, төр. 29-май, 1979, Томск) — жазуучу, журналист, фотограф[1].

Диана Светличная
орус. Диана Светличная
Төрөлгөндөгү аты:

Юлия Горяйнова

Ишмердүүлүк тармагы:

журналист, жазуучу, фотограф

Туулган датасы:

29 -май 1979(1979-05-29) (44 жаш)

Туулган жери:

Томск, РСФСР, СССР (Орусия)

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Өмүр баяны түзөтүү

Томск шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана укук институтун бүтүргөн. Телевидениеде, радиодо жана гезиттерде журналист болуп иштеген. Учурда Кыргыз-Орус Славян университетинде окутуучу болуп эмгектенет[2].

Диананын биринчи макаласы 17 жашында “Блиц-Инфого” жарыяланган. Түрмөк “Диана менен бетме-бет” деп аталган[3]. “Дружба народов” (Москва), “Восток” (Воронеж), “Простор” (Алматы), “Литературная Киргизия” (Бишкек), “Культура” (Бишкек), “Идиот” (Санкт-Петербург) журналдарына, адабий альманахтарга, ар кайсы өлкөлөрдүн тармактык жана жалтырак журналдарына макалалары чыгып турган . Бишкекте жашайт[2].

— “Өзүң жөнүндө жазгандан да кызыксыз бир иш барбы? Томск шаарында төрөлгөм. Ата-энем дүйнөнү кыдырып жүрүшчү, мен алар менен көчүп-конуп жүрүп өстүм. Билимим боюнча журналистмин. Табиятым болсо жомокчу. Жашоого жана өз тексттериме жеңил карайм. Акылдуу адамдарды жакшы көрөм”, — Диана Светличная.

Адабий фестивалдар жана конкурстар түзөтүү

• 2013-жылы Бишкекте өткөн “Жибек жолу” аттуу Борбор Азиянын биринчи искусство фестивалынын катышуучусу[3].

• “Тармактык адабият” сынагынын жеңүүчүсү – “Бокалдагы эмен жангагы” аңгемелер сериясы үчүн (2010)[1].

• “Мекен үчүн!” аңгемеси үчүн “Мекенге болгон сүйүү жөнүндө” сынагында калыстар тобунун атайын байгеси менен сыйланган (2010) [2].  

• “Open Central Asia Book Forum” Биринчи Борбор Азия форумунун финалисти – “Шахноза” повести (2012)[3]

• Татьяна Толстой менен Мария Голованивскаянын “Жакшы текст” Адабий чеберчилик мектебинин бүтүрүүчүсү [4]

• OECABF (Open Eurasian Book Forum & Literature Festival) I Борбор Азия адабий сынагында “Проза” номинациясынын финалисти[4]. За рассказ «Шахноза» (2012) вышла в финал Первого Центрально-Азиатского форума «Open Central Asia Book Forum»[4]. Выпускница Школы литературного мастерства Татьяны Толстой и Марии Голованивской «Хороший текст»[5]. Финалистка I Центральноазиатского литературного конкурса OЕCABF (Open Eurasian Book Forum & Literature Festival) в номинации «Проза».

Кыргызстан жөнүндө циклдер түзөтүү

Диана Светличная “Иштин көзүн тапкандар” жана “Жомоктогудай Кыргызстан” мультимедиялык лонгриддердин  сериясын чыгарган. Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, эң алыскы аймактарда болуп, сыналгыдан көрүнбөгөн, дайыма көмүскөдө калган адамдар менен жолугушкан. Светличная Кыргызстан үчүн эң маанилүү кесиптер тууралуу жандуу окуялары менен таанылган.

1. Фермер кесиби. Нарындын тоолорундагы, топоздордун арасындагы, куурдак жыттанган жашоо тууралуу лонгрид

2. Кесиби — шахтёр. Жаратылышы ажайып жана турмушу катаал Жыргалаңдын жашоосу жөнүндө лонгрид.

3. Кесиби – мамлекеттик кызматкер. Социалдык фонддун райондук бөлүмүндө өткөн бир күн.

4. Почточу кесиби. Ош облусунун алыскы айылындагы аялдардын жашоосу жөнүндө

5. Медайым кесиби. Өзбекстан менен чектеш алыскы Дейрес-Сай айылынын күнүмдүк турмушу

6. Учкуч кесиби. Ырым-жырымдар, кыялдар жана асманга болгон сүйүү жөнүндө

7. Ашпозчук есиби. Пхукеттеги чайканада иштөөгө аргасыз болгон Захиданын окуясы

Чыгармалары түзөтүү

• Банкадагы балыктар

• Аяз ата

• Рождество

• Зина үчүн көйнөк

• Бир кашык бал [5]

• Жаңы дүйнө

• Молдавандын кызы

• Көтөрүлүү

• Деңиз жана таш бакалар

• Музыка сабактары

• Шахноза

• Шырдак

• Окуялар

Нанды майга сүйкөгөндөй

• Жомоктогудай Кыргызстан

• Тоскоолдук жараткан фонтан

• Кокусунан жолуккан адамдар ж.б.[6]

Берилген баа түзөтүү

2022 жылы Диана Светличная "Трещина (Жарака") Эмне үчүн Кыргызстандагы балдар экстремалдык шарттарда билим алышат[7] дата-баян үчүн долбоордун башка катышуучулары менен бирге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын өзгөчө байгесине ээ болду [8] [9] Archived 2022-02-22 at the Wayback Machine

2021-жылы “Жаңы дүйнө” журналынын версиясы боюнча Эрнест Хемингуэйдин атындагы сыйлыкка талапкер болгон.

Эрнест Хемингуэйдин атындагы сыйлык — чыгармаларында жаңы көркөм формаларды издөө, тилдик жана семантикалык чектерди кеңейтүү каалоосун чагылдырган орус тилдүү авторлорду колдоо максатында түзүлгөн эл аралык адабий сыйлык. Бул сыйлык 2015-жылы Торонтодо (Канада) белгилүү канадалык Litsvet басма үйү тарабынан негизделген.[10]

Эскермелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Кыргызстандык жазуучу Эрнест Хемингуэйдин атындагы сыйлыктын номинанты болду

Диана Светличная. Кыргызстандын жаңы адабияты

Радио Sputnik Кыргызстан.«Саптардын ортосунда»: Кыргыз жазуучусу Диана Светличная менен маек.

Журнальный мир. Светличная Диана

Диана Светличная.Аңгемелер. Дружба народов.№10, 2019

The Crack. Why Children in Kyrgyzstan Study In Extreme Conditions Archived 2022-02-22 at the Wayback Machine

Диана Светличная социалдык тармактарда:

Facebook

Instagram

Диана Светличная. Кыргызстан элинин турмушун чагылдырган сүрөттөр. Карапайым адамдар жөнүндө жөнөкөй окуялар.