Диапауза (гр. diāpasis – тыныгуу) – көпчүлүк жаныбарлардын өөрчүүсүндөгү зат алмашуунун кескин төмөндөшү жана форма түзүүчү процесстердин токтолушу менен мүнөздөлгөн физиологиялык терең тыным мезгили. Диапаузанын башталышы метаморфозду жана өөрчүүнү иретке салуучу нейроэндокрин системасынын өзгөрүүлөрү же өөрчүүгө тоскоол болуучу атайын гормондордун бөлүнүп чыгышы менен шартталат. Организмдеги диапауза менен өөрчүүнүн муун алмашуусун мезгилдик цикл жаратат. Курт-кумурскаларда диапаузанын башталышын шарттоочу маанилүү экологиялык факторлорго күндүн узактыгы жана температура кирет. Диапаузанын токтолушу жана өөрчөөнүн калыбына келиши организмге төмөнкү температуранын же күн жарыгынын узакка таасир этүүсүнөн келип чыгат. Ар кайсы түрдөгү курт-кумурскалардын диапаузасы алардын тиричилигиндеги белгилүү гана баскычтарга туш келет. Алсак, курт-кумурскалардагы диапауза эмбриондук жана имаголук болуп бөлүнөт. Диапауза учурунда организмдин сырткы ыңгайсыз шарттарга болгон байымдуулугу артат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1