Диатоника (гр. diatonikоs – чоюлган), гептатоника (гр. hepta – жети жана tonos – тон) музыкада – бардык добуштарын таза квинта боюнча жайгаштырууга мүмкүн болгон жети баскычтуу добуш катары. Диатоника Байыркы Грекиянын музыкалык тажрыйбасында, чиркөө музыкасында жана көп элдин музыкалык чыгармачылыгында кезигет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1