Диверсия - (лат. diversio четтетүү, алагды кылуу) 1) душман ооругунда байланыш түйүндөрүн жана тармактарын бузуу, аскердик өнөр жай жана башка объектилерди катардан чыгаруу, аскерлерди башкарууну бузуу, өздүк курамды жана аскердик техниканы жок кылуу, душмандын аскерлеринин жана калкынын моралдык-психологиялык абалына таасир берүү боюнча атайын даярдалган бөлүмдөрдүн (топтордун) же жеке адамдардын ишмердүүлүгү; 2) өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун же коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн кедерин кетирүү, же мамлекеттик органдардын ишин, коомдук-саясий кырдаалды козутуу максатын көздөгөн өтө коркунучтуу кылмыш. Мамлекеттин экономикалык негизине зыян келтирүү, начарлатуу максатын көздөп, ишкана, курулуш, жол, катнаш-байланыш каражаттарын, мамлекеттик, коомдук мүлктү жардыруу, өрттөө же башка жолдор менен зыянга учуратуу, жапырт ууландыруу, эпидемияларды, эпизоотияларды таратуу жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү