Дивиденд (лат. dividendus – бөлүнүүчү) – акционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгү‚ акцияга жыл сайын төлөнүүчү киреше. Кадимки акцияларга анын чоңдугу белгиленбейт жана ал фирманын ишмердигинин жыйынтыгына көз каранды‚ артыкчылыктуу акцияларга мурунтан аныкталат жана күндөлүк кирешелерге көз каранды эмес. Артыкчылыктуу акциялар киреше алуу жагынан анча опурталдуу болбогондуктан‚ аларга дивиденд өлчөмү адаттагыдан азыраак болууга тийиш. Бирок кадимки акциялардын ээси дивидендден тышкары акцияларды сатып алууда жана сатууда алардын курсунун айырмасынын өлчөмүндө киреше алууга мүмкүнчүлүгү болгондуктан‚ иш жүзүндө тескерисинче болот. Акционерге кирешелерди төлөө бардык салыктарды жана төлөмдөрдү мамлекеттин бюджетине‚ жергиликтүү бюджетке‚ өндүрүштү өнүктүрүү фондун толтурууга‚ резервдерди түзүүгө облигациялар боюнча проценттерди жана башка төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин накталай же акция менен жыл сайын жүргүзүлөт. Биздин өлкөдө чечкиндүү экономикалык реформалар акциялары юридикалык жактар (ишканалар жана уюмдар) жана жарандар арасында жайылтылуучу акционердик коомдордун жаралышы менен коштолду. Бул акциялар боюнча дивиденд акционердик ишкананын пайдасынын бир бөлүгү болгондуктан‚ кызматкердин өткөн эмгегинин кирешеси болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1