Дилдөө баскыч - курулушту, машинаны, приборду жана адамды дирилдөөнүн зыяндуу терс таасиринен сактоо үчүн дирилдөөчү нерсе менен дирилдөөдөн сакталуучу нерсенин ортосуна орнотулуучу деформациялапуучу элементтер.

Дилдөө баскыч массивдуу жана активдуу болуп айырмаланат. Пассивдүү Дилдөө баскычта деформациялануучу элементтер пайдаланылат.

Активдүү Дилдөө баскычта серпилгач элементтердин деформацияланышы автоматтык жөндөө системасы менен башкарылат. Мезгил-мезгили менен болуучу дирилдоөдөн сактоо үчүн куч- сүзүрөөк демпфер, ал эми кокусунан болуучу дирилдөө менен урунуудан сактоо үчүн кучтуу демпфер колдонулат.

Дилдөө баскыч катары амортизатор, атайын жасалгалар жана пружиналар пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.