Дилбар Абдакимовна Ашимбаева (1964-жылы 22-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн) – кыргыздын улуттук кийимдеринин модельер-дизайнери, “Көк-Арт” дизайн студиясынын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасындагы алгачкы улуттук бренд болгон DILBAR Мода үйүнүн ээси жана креативдүү дизайнери, бул Мода үйү прет-а-порте де Люкс классындагы кийим чыгарганы менен белгилүү. DILBAR Мода үйүнүн кийимдерин мамлекет башчылары расмий кабыл алуулар жана сапарлар учурунда тандап алышат. Дилбар Ашимбаева тиккен кийимдер башка өлкөлөрдүн биринчи айымдарына, тагыраак айтканда, Людмила Путинага, Наина Ельцинага бир нече ирет белек катары тартууланган.[1]

Дильбар Ашимбаева
Ишмердүүлүк тармагы:

Модельер-дизайнер

Туулган датасы:

22 -ноябрь 1964(1964-11-22) (59 жаш)

Туулган жери:

Бишкек ш.

Жарандыгы:

Кыргызстан

Бала кези жана билими түзөтүү

Ашимбаева Дилбар 1964-жылы 22-ноябрда Фрунзе шаарында (Бишкек ш.) академиктердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Дилбардын атасы илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. Дилбардын өзүнүн айтымында, бала кезинен эле сүрөт тартып, кийим тиккенди, токуганды жана күзгүнүн алдында жасанганды жакшы көрчү.[2] Дилбар 12 жашында бүтүндөй үй-бүлөсү үчүн кийим тигип берген.[3] Дилбардын үй-бүлөсү ага ар тараптан колдоо көрсөтүп, кыздын талантын өнүктүрүүнүн жолдорун табышчу: ата-энеси бай болбосо да боёкторго, кесипкөйлөр колдончу кистилерге жана сүрөт тартууга, тигүүчүлүккө керектүү ар кандай аспаптарга акчасын аяшкан эмес[4].

Дилбар 5-классынан тарта Фрунзедеги Пионерлер сарайындагы атактуу бычма жана тигүү ийримине, ал эми 8-класстан тарта атакатуу ИЗО-студиясына бара баштаган[5]. 1970-жылдары Дилбардын апасы “Правда” гезитине кызынын кийим тигүүгө болгон ынтызарлыгы тууралуу кат жазып, мындай кесип үчүн кандай көндүмдөр талап кылынарын жана аларды кайдан үйрөнсө болорун сураган. Гезит “Москва Текстиль Институту” деп жооп берген (1991-жылдан бери А. Н. Косыгин атындагы Москва Мамлекеттик Текстиль Университети).[6]

Мектепти артыкчылык диплому менен аяктаган Дилбар Фрунзедеги соода-өндүрүштүк бут кийим бирикмесине тигүүчү болуп ишке орношуп, ал жерде эки жыл иштеген. Себеби Текстиль институтуна кирүү үчүн эки жылдык иш стажы жана жумуш ордунан жолдомо талап кылынган эле. Атаандаштыкка жана катаал сынакка карабастан, Дилбар “Жогорку категориядагы бут кийимдерди даярдоочу” адистиги боюнча көздөгөн институтуна өтүп кеткен.[7]

Карьерасы түзөтүү

Окууну аяктагандан кийин Дилбар Бишкекке кайтып келип, “Тулпар” мамлекеттик бирикмесинде эки жыл эмгектенип, бут кийимдердин, аксессуарлардын жана кийимдердин линиясын иштеп чыккан.[8] Кийинки иштеген жери Токмоктогу “Береке” трикотаж фабрикасы болду.[9] Ишканада чет элдик программалар бар болчу, алар чет өлкөдөгү текстиль көргөзмөлөрүнө катышууга шарт түзүп, анда Дильбар өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Лейпцигдеги көргөзмөлөрдүн биринде Дильбардын коллекциясына белгилүү чет элдик дизайнер жогорку баасын берген.[10] Зальцбургда дагы бир ийгиликтүү көргөзмө өтүп, анда Дилбардын коллекциясы көрүүчүлөрдүн арасында чоң резонанс жаратып, натыйжада бут кийимдин бүтүндөй партиясына заказ алган. Бирок бул көргөзмөдө бут кийим образдын декоративдик бөлүгү гана болчу.[11]

1999-жылдан ушул күнгө чейин Дилбар ар кандай компаниялар менен кызматташып келет. Ал Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз беш жылдыздуу Hyatt Regency Bishkek мейманканасынын ички дизайнын даярдап чыкканы менен кеңири таанымал. Дизайнер ошондой эле AirAstana авиакомпаниясынын кызматкерлеринин жайкы униформасын, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлчүлүктөрүнүн интерьерин ж.б. жасаган.[12]

2000-жылы Дилбар өзүнүн “Көк-Арт” дизайн-студиясын негиздеген. Андан кийин 2004-жылы дизайн-студиянын базасында DILBAR Мода үйү түптөлүп, ошол эле жылы 2005-жылы Бишкек, Алматы, Москва шаарларында алгачкы аялдар коллекциясын тартуулаган.[13] DILBAR бутиктери Алматыда жана Вашингтондо да ачылган.

Дилбар Жузеппе Вердинин “Отелло” операсы, Арам Хачатуряндын “Спартак” балети, Аалы Токомбаевдин чыгармасынын негизинде тартылган “Сырдуу күү” тарыхый тасмасы жана башка көркөм, кинематографиялык чыгармалар үчүн костюмдарды тигүү менен алектенет.

DILBAR Мода үйү түзөтүү

Ээси жана креативдүү директору Дилбар Ашимбаеванын ысымын алып жүргөн DILBAR мода үйү – жогорку модадагы кыргыздын алгачкы бренди. Мода үйү 2004-жылдын 22-апрелинде түптөлүп, улуттук кыргыз стилинде жасалган биринчи prêt-à-porter коллекциясы жарык көргөн. Бренддин концепциясы “этношик” болуп саналат, себеби бардык кийимдердин дизайнынын өзөгүн кыргыз аялдарынын кийиминин тарыхы, кыргыз маданиятынын оймо-чиймелери жана мотивдери түзгөн[14]. DILBAR үйү чечкиндүү жана адаттан тыш образдары менен айырмаланып турат, анда Чыгыштын, тагыраак айтканда Жибек Жолундагы өлкөлөрдүн салттары менен заманбап образдар айкалышып, мунун натыйжасында бренд мекенинде да, чет өлкөлөрдө да кеңири таанылды.[15]

Кошумча маалымат түзөтүү

Адабиятта түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү


  1. Дильбар Ашимбаева.
  2. Творимая история (орус.).
  3. Творимая история (орус.).
  4. Well, There is a Profession Called Fashion Designer (англ.).
  5. Творимая история (орус.).
  6. Well, There is a Profession Called Fashion Designer (англ.).
  7. Творимая история (орус.).
  8. Творимая история (орус.).
  9. Творимая история (орус.).
  10. Творимая история (орус.).
  11. Творимая история (орус.).
  12. Дильбар Ашимбаева.
  13. Дильбар Ашимбаева.
  14. Fashion and Style in Kyrgyzstan (en-US) (22 -май (бугу) 2016).
  15. Fashion and Style in Kyrgyzstan (en-US) (22 -май (бугу) 2016).