Диморфизм (ди... жана грекче morphe форма) - физиологиялык белгилери боюнча айырмаланган эки форманын болушу.

жыныстык диморфизм: Кыргоол (Phasianus colchicus).

Жаныбарларда көбүнчө жыныстык диморфизм учурайт. Бир түрдүн особдорунун эркеги менен ургаачысы морфологиялык өзгөчөлүктөрү боюнча айырмаланат. Мисалы, кыргоолдун ургаачысы менен эркегинин тышкы түспөлү, канаттарынын түсү боюнча өзгөчөлөнүшү. Диморфизмдин пайда болушу жыныстык тандалуу менен тыгыз байланышта. Диморфизмдин 2 түрү: туруктуу диморфизм (короз мекиян, бугу марал), мезгилдик диморфизм (көбөйүү мезгилиндеги кескин айырмачылыктар белгилүү), мисалы, көбөйүү мезгилинде балыктардын эркегинин ачык-кооз түскө ээ болушу.

Өсүмдүктөрдө да мезгилдик, экологиялык диморфизм байкалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5