Дина Нурпейисова (1861, Казакстан, Жаңыкала району – 31. 1. 1955, Алматы ) – домбрачы, күүчү, композитор, казак маданиятынын көрүнүктүү ишмери, Казак эл артисти (1944). Дина 8–9 жашында домбра чертүүнү үйрөнгөн. Курмангазы менен жолугушуусу (1870) чыгармачылык жолунда чечүүчү роль ойногон. Курмангазы Динанын талантына көңүлү толуп, ага чоң үмүт артат, өзүнө шакирт кылып алат. Дина устатынан күүчүлүк-аткаруучулук өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, стилин, чеберчилигин өздөштүрүп, мектебинен өтүү Динанын домбрачылык өнөрүн өргө көтөрөт. Ал өзү да күү чыгара баштайт. Динанын алгачкы «Булбул», «Байжума», «Көгөн түп» аттуу күүлөрүндө элдин күүчүлүк салты ачык-айкын сезилет. Динанын чыгармачылыгынын такшалышы, күүчүлүк-аткаруучулук өнөрүнүн өркүндөшү совет дооруна туш келди. 1937-ж. Элдик өнөрпоздордун республикалык кароосунда 1-байгеге ээ болгон, 1939-ж. Москвада өткөн элдик музыка аспаптарында аткаруучулардын бүткүл союздук кароосунда 1-орунду ээлеп, «Домбранын Жамбылы» аталган. Анын салтанаттуу, өзгөчө бир шаттыкка толгон «Той баштары», көркөм ыргактуу «Булбулу» менен «Асем коңуру» – жагымдуу үн, терең мазмун менен жаңы багыттагы казак күүлөрүнө негиз салган чоң табылга. Күүчү мезгил чындыгын чыгармаларында бийик чабыт, толкундатуучу сезим менен күүгө салды («Жеңиш», «Эне аманаты», «Сегизинчи март», «Саанчы», «Эмгек баатыры» жана башка). Курмангазынын, Давлеткерейдин, Түркештин салтын өнүктүрүп, өз мезгилиндеги казак күүчүлүк өнөрүн жаңы бийиктикке көтөрдү. Анын чыгармачылыгы, чеберчилиги тууралуу А. Жубанов, Г. Бисенова, Ж. Рсалдин жана башка изилдөөчүлөр жазды. С. Бакбергеновдун «Кайран энем» (1963) романы, башка көптөгөн эмгектер жаралды. Динанын аты музыкалык мектептерге, шаар көчөлөрүнө коюлган. 1996-жылдан жыл сайын домбрачы жаш өспүрүм кыздар арасында Дина атындагы «Булбул домбра» аттуу республикалык кароо өткөрүлөт. Дина эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1